Депутат Дастан Бекешев кош жарандуулугу бар саясатчыларды жоопкерчиликке тартууну суранып Башкы прокуратурага кайрылды. Эл өкүлү жиберилген кайрылуунун мааниси тууралуу SUPER.KG`ге айтып берди.
“Кылмыш-жаза кодексинде "Кызматтык жасалмачылык" деген 315-берене бар. Анын негизинде кош жарандуулугу болсо жоопкерчиликке тартса болот. Анткени кош жарандуулугу бар адамдар жалган маалыматтарды көрсөтүп кызматка келишкен. Ошол боюнча Башкы прокуратурага кайрылуу жибердим. Ал жерде саясатчыларга карата кош жарандуулугу болсо, жоопкерчилиги каралары эскертилиши керектиги айтылды. Андай кылбасак, жоопкерчилик болбойт да, бул адат болуп калышы деле мүмкүн. Укуктук баа бербесек, келечекте бул маселе жаратышы мүмкүн. Келечекте биз адашып башка өлкөнүн жаранын президент кылып шайлап алышыбыз мүмкүн деген коркунуч болуп калышын айттым. Азыр прокуратура депутаттарга, министрлерге, сотторго эскертиши керек”, - деди Бекешев.
Маалымат үчүн: "Кызматтык жасалмачылык" беренесине ылайык, кызмат адамы расмий документтерге жалган маалыматтарды атайылап киргизсе - үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен 100 миң сомдон 300 миң сомго чейинки өлчөмдө айып салынат же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартылат.
Белгилей кетсек, кош жарандуулукка байланыштуу коомдук талкуулар Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу бардыгы белгилүү болгондон кийин башталган.