ИИМден демилге: 3 ирет жол эрежесин бузган айдоочу кайра даярдоодон өтсүн

Бир жыл ичинде 3 же андан көп жолу жол эрежелерин бузган айдоочуларга административдик жаза иретинде унаа айдоону үйрөнүү үчүн кайрадан окуудан өткөрүлсүн. Мындай талапты камтыган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Демилгечи Ички иштер министрлиги.

Бул мыйзам долбоорунда айып пулдун көлөмүн көбөйтүү маселеси да каралган. Техникалык талаптарга жооп бербеген, унаанын документтери туура эмес болгон учурда, негизи эле мыйзам талаптарына шайкеш келбеген учурларда салынган айып пулдун өлчөмү 5 эсеге өсөт. Ылдамдыктын жогорулашы, жол белгилерин көз жаздымда калтыруу, коопсуздук курун тагынбаган учурларда дагы салынган айып пулдун баасы көтөрүлөт.

"Бул долбоор укук бузуу үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында иштелип чыгып, жол-унаа кырсыктарынын санын кыскартууга, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга, жол кыймылынын катышуучуларынын арасында тартипти орнотууга багытталган", - деп билдирет ИИМ.

Мыйзам долбоору коомдук талкуудан өткөн соң Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилмекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
novayariga
2018-02-26 19:56:53
Уурулука дагы бир чоң жол ачканы жатыпсыңар. Эми окууга жөнөтүп салам деп коркутат экен да?
Жогоруда жазылгандай жол да талапка жооп бериш керек. Аң дөңдөн качам деп каршы тилкеге чыгасын, жолдон чыгасың обочинага а то дөңгөлөк айрылат. Эмнеге бул нерселер эске алынбайт?
+5
Arlenchik
2018-02-26 20:05:54
Айып пулду которуу жана бир жылда учтон ашык эреже бузса кайра даярдоодон отсун деген мн маселе чечилбейт, эн биринчи жолдорду ондоп, жол бергилерин так даана коюп анан корррупцияны жоюш керек, бир жылдары да чыгарышкан бир жылда уч ирет правасын алдырса сот аркылуу деген, ошондо даана коррупция башталган, мынча жолу алдырыпсын келе мынча берегал сотко жеткирбей бутуро коебуз деп, андыктан мунунар болбойт. Ичип алып айдагандарды айдоочулук укуктан ажыратып салгыла, алгач ошонун устундо иштегиле.
+3
Mers124
2018-02-26 20:23:04
Мен штрафты машинасынын баасы боюнча койсо болмок деп ойлойм. Обьему менен жылына жараша. Анан дагы светофорлорду стандарт койсонор. Корунбогон стоп линия учун 2000 сом кымбат.
0
Janyjol.86
2018-02-26 21:33:03
эй туугандар силерге эмне кылса жагат озу окмот бир нерсе кылса эле бойроктон шыйрак чыгарасынар. карупсия карупсия дейсинер ошол карупсияны гулдотуп аткан силерсинер . машина айдап атканда эрежени озунор бузасынар анан силерди МАИ токтотсо 100 сом которуп алып МАИ чиге барасынар ыштанынарга чычып алгансып талталандап моуну алып койун деп.ушундай эле акылдуу экенсинер шашпай эле кылган кунооно жараша талон талап кылып аны окмотко токсон карупсия жойулат
+1
Janyjol.86
2018-02-26 21:43:16
кыргыстанда жолдор жаман ошон учун авария коп катталып кыргыздар кырылмай болдук дейсинер. кыргызтандын копчулук жеринде жолдор асфалт болуп жолдун 60 70% жакшы болгондуктан айдоочулар опкосу узулгучо айдап кыргыздар кырылып атат. мен ушул жашка келип уга элекмин ункур чункур жолдон авария болуп адам олуптур деп. анткени жаман жолдо айдоочу ашып барса 60 км мн айдайт.
0
temirov76
2018-02-26 21:46:31
Janyjol.86,эң туура оюңа кошулам.
-3
Janel2013
2018-02-26 21:47:32
Жолдор талапка жооп берип, жол белгилер коюлса мен каршы эмесмин. Бирок жолдор начар. Мисалы Оштон Бишкекке кетип атсан жол жаман жерде секин айдайсын, анан жол жакшы жерде катуураак айдайсын убакытты үнөмдөп ошондо кармаласын ГАИге. Ал эми жол тегиз болсо бирдей км/саатта кете бересин. Ходовойго кеткен акчаны мамлекетке бермекмин.
-1
Alixan-Nookat.2015
2018-02-26 21:53:33
Оң рулдуу унаалар боюнча транспорт министрлигине өткөрүлүп берилди ошол долбоорду даярдайт деди эле ИИМ эмне транспорт министрлиги унутуп калышканго
0
Janyjol.86
2018-02-26 22:10:48
janel 2013.сен билесинби кыргыз республикасындагы трасссаларда саатына канча мн журууго уруксат экенин мисалы суусамырда жана башка манилуу жолдордо .кр нын аймагындагы эн талапка жооп берген жолдорунжа саатына 90 км дан жогорку ылдамдыкта жургонго болбойт . биздин аймак тоолуу болгондуктан андан ашыгына уруксат берилбейт .бул мыйзамды билбегендер коп .каалашынча айдай берсен болот дегендер авария болуп оздору олгону аз келгенсип кууноосуз адамдарды кошо олтуруп атат
+2
omurbek1990
2018-02-26 22:18:41
Janyjol.86,Брат каякта журдун эле мурда. Жазган билдируун жетеер жерине жетти деп ойлойм. Бул жерде санаалуу ызылдагычтар бар, качан караба нааразы.
+1
Janel2013
2018-02-27 06:06:26
Janyjol.86,сен чамасы ушул законду чыгаргандарды бири окшойсун.
0
Almazbek81
2018-02-26 22:15:31
Корупцияны кайра кучотот экенсинерда гаилердин капчыгын толтуруп
0
BekAmir
2018-02-26 23:07:20
Бул КОРРУПЦИЯга чоон жол аччуу
+1
nurbekasr
2018-02-27 00:31:42
Эмнеге эле шофёрлорго сайылып калдыңар.ГАИңер биринчи өздөрү кат сабатын жоюп окуп алышсын бизге асылбай.Коррупцияны жойбой эле күчтөнтүп жатасыңар го.Биринчи жолду оңдоп,белгилерди как положено койгула.Стоянка кылып бергиле кеңири.Керектүү жерге токтоюн дейсин шаарда,эч бир орундук жок машинеге.Анан да 1 км алыс жерге койгонго туура келет.Ошондо да места болсо машинеге.Мунуңар менен эч нерсе чечилбейт көрөсүңөр,эгер өнүгүп маселе чечилип кетсе мурдумду туура кесип берем.
+1
aydinnur
2018-02-27 01:07:04
Ииий ХХХХ, койчу айй, бул өтө эле даң даң го..
0
Agayu
2018-02-27 06:38:10
Уят!Уят! Эшигин коруп торуно от дейт Кыргызда )) Жолун коруп машина айда дейт азыркы акыбалыбызда)) Чет олкодо баары жакшы канча айып салсада оз куноонду мойнуна аласын .Кыскасы Кыргыз Мамлекетти алдыга карабай, оз жээмейин ойлоп калышты .
0
Agayu
2018-02-27 07:11:45
Биринчи жолдордогу жол белгилерин ондоп,жол чиймелерин ондоп,ункур чункур жерлерин ондоп анан айыпты кучойттурсоноо болотго.Мейли айдоочулук куболугун алышты дейли Ош шаардык гаисине барсан ошончо праваны бере албай элди кыйнап жатышат.Дээги Кыргызстан качан онугот.
0
bakytkg007
2018-02-27 10:51:55
Бул мыйзамды иштетуудон мурун биринчи жол белгилерин жанылап чыгуу керек бизде эчким корбогон жерге да койуп койгон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан