Папуа-Жаңы Гвинеяда күчү жети жарым баллга жеткен жер титирөө катталып, 30 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Тынч океандын түштүгүндө орун алган Папуа-Жаңы Гвинея аралында 26-февралда күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Анын кесепетинен 300гө чукул адам жаракат алып, 30 адам каза болгон.
Ошондой эле аталган маалыматта жер титирөөнүн кесепетинен суулар ташкындап, көптөгөн имараттардан жарака кеткени айтылат.