Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин Темир Болотбеков аттуу окутуучусуна кылмыш иши козголду. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Темир Болотбековго Фейсбук социалдык тармагында башка улут өкүлдөрүн кемсинткен комментарийлеринен улам иш козголгондугу айтылат маалыматта. Ал билдирүү интернет колдонуучулар тарабынан кызуу талкууга алынып көптөгөн колдонуучулар өздөрүнүн сын көз караштагы ойлорун билдиришип, комментарий ээсин элди бөлүп, улут аралык мамилелерди бузбоого чакырган.
Маалыматка ылайык, Темир Болотбековго Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси (Улуттук, расалык же диний кастыкты козутууга, улуттук ар-намысты басмырлоого багытталган аракеттер) боюнча кылмыш иши козголгон.
Азыркы тапта териштирүү иштери жүрүүдө.