Жанар Акаев: "Кыргыз темир жолу" ишканасы мышык ыйлай турган абалда"

Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев "Кыргыз темир жолу" ишканасы мышык ыйлай турган абалда экенин айтты.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасындагы коррупцияга шек жараткан келишимдер жана шалаакылык тууралуу бир канча фактыларды белгилеп өтүүнү туура көрдүм. Өлкө экономикасынын локомотиви болгон "Кыргыз темир жолу" бир кезде бюджеттин капчыгын толтурган ишкана болчу. Бүгүнкү күндө ишкана мышык ыйлай турган абалда. Ишкана канчалык итке минген сайын тармакты башкарган жетекчилер башын салып уялып калгандын ордуна "Кыргыз темир жолду" жеке менчик ишканасындай пайдаланып жатат. Алмазбек Ногойбаев жетектеген бул ишкана Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан 8 миллион 380 миң сом насыя алган. Ага ылайык, январдын аягына чейин 150 вагон иштеп башташы керек болчу. Бүгүнкү күнгө чейин вагондор келе элек. 40 вагон келди, анын 10го жакыны азыркы талапка жооп бербеген эски тетиктер менен келген. 40 вагон тең тендердин талаптарына жооп бербейт. Менин колумда башкы инженердин колу коюлган тастыктоочу документтер турат. Бул вагондорду ортомчу казак фирмасы аркылуу сатып алуу келишими түзүлгөндө эле күмөн жаралган. Ушул күнгө чейин Жалал-Абадга вагондор толук жеткириле элек. Качан жеткирилет белгисиз. Келишимди аткарбаган тарап айып пул төлөш керек болчу. Ишкананын жетекчилигинин шалаакылыгынан улам казак фирмасына азыркы күнгө чейин айып пул салына элек. Бул жерде коррупциялык макулдашуулар көрүнүп турат. Ногойбаев Өзбекстандын бизге болгон миллиондогон карыздарын кечип салды. Тактап айтканда, 137 миллион сом. Эмне бул каражаттар биздин бюджет үчүн ашыкча болуп калдыбы? Аталган ишканага тиешелүү жерге Ногойбаевдин кызынын фирмасы мейманкана курду. Эсептөө палатасынын аудиторлору мейманкананы мыйзамсыз деп тапкан. Бирок мейманкана иштеп жатат. "Кыргыз темир жолунун" жетекчилигине мыкты менеджерди алып келүү керек", - деди Жанар Акаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан