Түштүк Кореядан Кыргыз өлкөсүндөгү 116 адамга жумушка чакыруу келди

Корея Республикасында иштеп келүү үчүн Кыргыз өлкөсүнүн жарандарына жылына 4 жолу чакыруу келет. Ушул тапта биринчи чакырык менен 116 адам кетип жатат. Бул боюнча Миграция кызматынан Корея багыты боюнча иштеген өкүлү Нагима Ашымбекова билдирди.

Маалыматка ылайык, 116 адам Түштүк Кореяда иштеп келүү үчүн келишимге кол коюп, кетүүгө даярдык көрүп жатышат.

"Түштүк Кореядан жылына 4 жолу чакырык келет. Бул сапар 116 адам тил боюнча тест тапшырып, келишимге кол коюшту. Учурда аларды ишке даярдоо максатында консультациялар берилип, Кореянын маданияты, жашоосу туурасында түшүнүк алып жатышат. Март айынын алтысынан тартып кете башташат", - дейт Ашымбекова.

Белгилей кетсек, бул өткөн жылдарга салыштырмалуу 30-40 келишимге көп. Кыргыз жарандарын Түштүк Кореяда жумушка орноштуруу боюнча атайын программа мындан туура он жыл мурун башталган.

Расмий маалымат боюнча, Кореяда 5 миңдин тегерегинде Кыргыз жарандары бар жана алардын 1 миң 500гө жакыны мыйзамсыз жүргөндөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kyrgyz.kg83
2018-03-01 15:04:04
Ошентип кыргыздарды тарата бергиле.ошонун ордуна жумуш менен камсыз кылып,талаада жүргөн жаштар мекенге чакырбайсынарбы,кыргыздарды талалатып кытайларга жумуш бере бербестен
+20
Paprikafm
2018-03-01 15:28:54
Менда барайынчы
+1
Akyl78.1501
2018-03-01 16:08:17
Миграционныйдын ишчилери байып калыптырда бир места 100.000 сомго сатылат
+3
toolos1982
2018-03-01 18:04:28
Бир жылга контракт менен кетсең 500миң кетет экен,анча акчаны таап калдыңбы ал жагы кудайдан.
+1
Azatbek83
2018-03-01 18:26:58
Кыйратыпсыңар уйалбайсынарбы ошентип айтыштан?! Андан коро Кыргызда завод же фабрика курулду 116 Адамга иш орундары тузулду десеңер болмок! Кылычбек.Султановго чоң рахмат. Калганың эшек да такалай албайсыңар! Бирөө даярдап койсо мактанып биз калдык дейсинер! Көчүңөрдү улап Алдыга кырк кадам Акылдуу шаар деп тетрадка жазып алып ошону тиктеп кыялданып фантазия кылып олтура бергиле! Каерден акча уурдасак экен,Журналисттер элдер бизди жамандаса экен миллиондон доо го жыгайлык деп!!!
+2
nurbekasr
2018-03-01 19:03:59
Кыргызды таркатып жибергиле эми бул жагы Америка Европа Россия Казакстан болуп.Бул тарабы чыгышка Кореяга.Биздин билимдүү илимдүү жарандарыбыз тышка чыгып кетишти чет өлкөгө,Кыргызстанда жалаң эле беймбечаралар калат окшойбуз орто билимдүүлөр.Качан өнүгөбүз качан иш орундар ачылып качан завод фабрика курулат,качан кайтып келет миллиондогон жарандарыбыз.Качан 4,5млрд карызды доолап келишет качан качан????....
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан