Депутаттар рак ооруларынан дарылануу үчүн "Кумтөрдөн" берилген миллиондор 6 айдан бери коммерциялык банкта сакталып жатканына тынчсызданууда

Депутаттар "Кумтөрдөн" онкологиялык оорулардан дарылануу үчүн берилген каражат 6 айдан бери муктаждарга жумшалбай, коммерциялык банктардын биринде сакталып жатканына тынчсызданууда. Бүгүн, 5-марттагы парламенттик Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда депутат Айсулуу Мамашева ("Ата Мекен") бул каражат коммерциялык банк аркылуу эмес, мамлекеттик бюджет аркылуу өтүшү керектигин айтты.

"Кумтөр" менен өкмөт ортосунда соттук териштирүүлөрдү токтотуу үчүн келишим түзүлгөн. Ага ылайык, "Кумтөр" онкологиялык оорулууларга колдоо көрсөтүү үчүн 7 миллион доллар каражат бөлгөн. Бирок ошол каражат 6 айдан бери KICB банкынын эсебинде жатат. Мени тынчсыздандырганы бул каражат коммерциялык банктар аркылуу эмес, түздөн түз бюджет аркылуу жумшалышы керек эле. Азыр ал жумшалбастан банктын эсебинде жатат", - деди Мамашева.

Депутат Зиядин Жамалдинов ("Өнүгүү-Прогресс") өкмөттүн шалаакылыгын сынга алды.

"Өкмөт эмне кылып отурат? 6 айдан бери өкмөт бул боюнча мыйзам алып келсе болмок. Баары мыйзамдуу жолго түшмөк, азыр бизди мыйзамсыз аракеттерге түртүп жатат. Эми минтип бөлүнгөн 7 миллион акча иштетилбей турат", - деди Жамалдинов.

Депутат Таалайбек Масабиров ("Кыргызстан") өлкөдө онкологиялык оорулууларга зарыл болгон жабдуулар жоктугун айтып, бул учурда аларга каралган каражат жумшалбай турганын айтты.

"18 миң адам каза болуптур. Бүгүнкү күндө онкология ооруларын аныктаган жабдык жок. Азыр оорулуулар Түркия, Кореяга кетип жатышат. Бул жерде кайсы этаптагы онкология оорусуна чалдыкканын аныктоочу жабдык жок. Биздин жарандар төртүнчү этаптагы ооруга жеткиче билбей жүрүп, өлүмгө туш болуп жатат", - деди Масабиров.

Депутаттар маселени жолго коюу үчүн өкмөткө 2 жумалык убакыт берди. Эки жуманын ичинде өкмөт 7 миллион доллар каражатты бюджеттик жол аркылуу туура багытта жумшоонун жол жобосун иштеп чыгышы керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
jbolotov
2018-03-05 12:30:32
Коммерц банктар кайсы бир чиновниктер депуттатардыкы. Эми Кумтор берген акчаныда пайдаланып кобойтуп алалы деп кармап отурушатда. Ал эмес пенсияларды кечиктирип акырындан суруп отуруп акча дешип атышат коммерциялык банктар.
+3
jaazira13
2018-03-06 22:05:50
jbolotov, суруп эмес ошону айландырып процентин алышатта
+3
jaazira13
2018-03-06 22:02:17
аткаминерлер шилтеп кетели деп ататта, элге жардам бергенден коро оздорунун чонтогун ойлошот
+3
Belekus
2018-03-06 22:10:21
эл учун добровольно эч нерсе кылышпайт, только так популизм менен ойношот
+2
dysha
2018-03-06 22:11:09
кыйратышат, аны коюп рекультивациянын акчасына да коз салып жургондор бар паламентте
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан