Жөлөк пул жөнүндө мыйзам долбоорун чийки деп, кайсы депутаттар аны кийин кароону колдоп добуш беришти? (тизме)

7-мартта Жогорку Кеңеште өкмөт даярдаган жөлөк пул жөнүндө мыйзам долбоору 1-окууда каралмак. Бирок айрым депутаттар долбоорду шашылыш карап берүү сунушун сынга алып, маселени кароону башка күнгө жылдырууну демилгелешкен. Депуттардын эки ача пикиринен кийин маселени күн тартибине киргизүү боюнча сунуш добушка коюлган. Жыйынтыгында көпчүлүктүн "каршы" добушу менен маселе бүгүнкү жыйында каралбай турган болду.

Мыйзам долбоорунун шашылыш кабыл алынганына шайлоо себепкерби?

Жогорку Кеңеш 2017-жылдын 21-июнунда “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамын кабыл алган. 1-августта ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Мыйзамдагы негизги өзгөртүү - бул "Аз камсыздалган үй-бүлө" деген норма жоюлуп, "Балага сүйүнчү", "Балага жөлөк" жана "Үй-бүлөгө көмөк" деген жаӊы түшүнүктөр киргизилгенинде болгон. Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирмек. Анда жөлөк пулдун 3 түрү каралган эле. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, жаңы төрөлгөн балага бир жолу 4 миң сом сүйүнчү пул, 3 жашка чейинки бардык балдарга ай сайын 700 сомдон жөлөк пул, 3 жаштан 16 жашка чейинки балдарга айына 500 сом “үй-бүлөгө көмөк” акча берилмек. Бирок бул көмөк акча бардыгына эле берилбей тургандыгы айтылган. Үй-бүлөнүн 3 жаштан 16 жашка чейин үчтөн ашык баласы болсо, жөлөк пул үчүнчү баладан баштап андан кийинкилерге гана берилмей болгон. Мисалы, 5 баласы барлар 1-2-баласына жөлөк пул ала алышпайт деп түшүндүрүлгөн. Талаш-тартыш дал ушул жерден башталган.

2017-жылдын декабрь айында бул мыйзамга Нарын облусунун тургундары каршы митингге чыгышкан. Алар 3 жана андан көп баласы бар үй-бүлөлөргө төлөнүүчү жөлөк пулда каралган чектөөлөргө каршы экенин билдиришкен. Мындан улам өкмөт 2018-жылдын 1-январында күчүнө кире турган аталган мыйзамдын “балага сүйүнчү” төлөөгө тийиштүү жобосун кошпогондо, ишке кирүү мөөнөтүн 3 айга артка жылдырууну сунуштаган. Ошондой эле өкмөт бул мыйзам күчүнө кирсе 30 миңдей бала жөлөк пул албай кала турганын айтышкан.

Ал эми депутаттар 3 айлык чегинүүнү бюджеттин тартыштыгынан көрүп жатышат. Депутат Кенжебек Бокоев "бул шайлоо алдындагы кампания болгон, мыйзам долбоору шайлоонун шарапаты менен өтүп кеткен" десе, дагы бир эл өкүлү Рыскелди Момбеков жөлөк пул боюнча мыйзамды шайлоо алдындагы көз боёмочулук болгонун айтып чыккан. 27-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында балдарга жөлөк пулду берүү мөөнөтүн 3 айга жылдырууга багытталган мыйзам долбоору кабыл алынып, ага президент Сооронбай Жээнбеков 29-декабрда кол койгон эле.

Эски менен жаңынын айырмасы дээрлик жок болуп чыгууда...

Жогорку Кеңеште жөлөк пул тууралуу мыйзамына киргизилчү өзгөртүүлөр боюнча башынан эле акча каражаты чоң суроо жараткан. “Каражат табылбай парламент калпычы болуп калбайбы?” - деп депутат Жанар Акаев тынчсызданса, “Ата Мекен” фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов мыйзам кабыл алынса, каражат тапканга өкмөттүн күчү жетеби деп сураган.

Республикалык бюджеттен жөлөк пул төлөө үчүн 2017-жылы 6 миллиард сом бөлүнсө, 2018-жылы 7 миллиард 800 миллион сом бөлүү каралган. Мамлекеттен жөлөк пул алган өлкөдө 400 миӊге жакын үй-бүлө бар. Аз киреше тапкан үй-бүлөлөр гана балдары үчүн орточо 874 сомдун тегерегинде жөлөк пул алышат.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова мыйзамдагы оңдоонун зарылдыгын белгиледи. "Учурда жаш курагы жете элек 6 баласы үчүн бүгүн 5 миң сом алып жатса, жаңы жылдан баштап 1 миң 500 сом гана алып калып жатат", - деди министр. 1-апрелден тартып жаңы мыйзам боюнча, министр жөлөк пул алуу үчүн үй-бүлөнүн кирешеси карала турганын белгиледи. "Балдардын баарынын муктаждыгын эске алуу менен үй-бүлөнүн жалпы кирешесин үй-бүлө мүчөлөрүнө бөлгөндө 1400 сомдон аз болсо ал үй-бүлөлөрдүн балдарына 810 сомдон жөлөк пул берилет", - деди Исакунова.

Талаштуу мыйзам долбоорду кароо боюнча сунушка депутаттар кандай добуш беришти?

“Каршы” деп добуш бергендердин тизмеси (“Республика-Ата Журт” – 20, КСДП – 11, “Бир бол” – 5, “Өнүгүү-Прогресс” – 3, “Ата Мекен” – 0, “Кыргызстан” – 0 жана 1 эркин депутат).

  1. Калдарбек Баймуратов – “Республика-Ата Журт” фракциясы;
  2. Таабалды Тиллаев – “Республика-Ата Журт” фракциясы;
  3. Кенжебек Бокоев – “Республика-Ата Журт” фракциясы;
  4. Үмбөталы Кыдыралиев – “Республика-Ата Журт” фракциясы;
  5. Жыргалбек Турускулов – “Республика-Ата Журт” фракциясы;
  6. Бактыбек Райымкулов – “Республика-Ата Журт” фракциясы;
  7. Пархат Тулендыбаев – “Республика-Ата Журт” фракциясы;
  8. Зарылбек Рысалиев – "Республика-Ата Журт" фракциясы;
  9. Аида Исмаилова – "Республика-Ата Журт" фракциясы;
  10. Адыл Жунус уулу – "Республика-Ата Журт" фракциясы;
  11. Курманкул Зулушев – “Республика-Ата Журт” фракциясы;
  12. Айбек Алтынбеков – “Республика-Ата Журт” фракциясы;
  13. Талант Мамытов – “Республика-Ата Журт” фракциясы;
  14. Акылбек Жамангулов – “Республика-Ата Журт” фракциясы;
  15. Болотбек Ибраимжанов – “Республика-Ата Журт” фракциясы;
  16. Руслан Казакбаев – “Республика-Ата Журт” фракциясы;
  17. Бактыбек Сыдыков – “Республика-Ата Журт” фракциясы;
  18. Экмат Байпакбаев – “Республика-Ата Журт” фракциясы;
  19. Рада Туманбаева – “Республика-Ата Журт” фракциясы;
  20. Закир Шарапов - “Республика-Ата Журт” фракциясы;
  21. Абдывахап Нурбаев – КСДП фракциясы;
  22. Канат Керезбеков – КСДП фракциясы;
  23. Аалы Карашев – КСДП фракциясы;
  24. Нодирбек Каримов – КСДП фракциясы;
  25. Жылдыз Мусабекова – КСДП фракциясы;
  26. Искендер Матраимов – КСДП фракциясы;
  27. Осмонбек Артыкбаев – КСДП фракциясы;
  28. Марат Аманкулов – КСДП фракциясы;
  29. Карамат Орозова – КСДП фракциясы;
  30. Рыскелди Момбеков – КСДП фракциясы;
  31. Айнуру Алтыбаева – КСДП фракциясы;
  32. Алтынбек Сулайманов – “Бир бол” фракциясы;
  33. Бакирдин Субанбеков – “Бир бол” фракциясы;
  34. Акылбек Жапаров – “Бир бол” фракциясы;
  35. Дүйшөн Торокулов – “Бир бол” фракциясы;
  36. Мыктыбек Абдылдаев –“Бир бол” фракциясы;
  37. Зиядин Жамалдинов – “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы;
  38. Абылкайыр Узакбаев – “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы;
  39. Мирлан Бакиров – “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы;
  40. Жанар Акаев – эркин депутат.

“Макул” деп добуш бергендердин тизмеси (КСДП – 18, “Кыргызстан” – 10, “Республика-Ата Журт – 0, “Өнүгүү-Прогресс” – 0, “Бир бол” – 0, “Ата Мекен” – 0).

  1. Эльвира Сурабалдиева – КСДП фракциясы;
  2. Дастан Бекешев – КСДП фракциясы;
  3. Асылбек Жээнбеков – КСДП фракциясы;
  4. Данияр Аттокуров – КСДП фракциясы;
  5. Мурадыл Мадеминов – КСДП фракциясы;
  6. Автандил Кулбараков – КСДП фракциясы;
  7. Улан Примов – КСДП фракциясы;
  8. Ильхом Маннанов – КСДП фракциясы;
  9. Иса Өмүркулов – КСДП фракциясы;
  10. Төрөбай Зулпукаров – КСДП фракциясы;
  11. Мухтарбек Айнакулов – КСДП фракциясы;
  12. Музаффар Исаков – КСДП фракциясы;
  13. Сайдолимжон Джураев – КСДП фракциясы;
  14. Кожобек Рыспаев – КСДП фракциясы;
  15. Максатбек Эгембердиев – КСДП фракциясы;
  16. Анвар Артыков –КСДП фракциясы;
  17. Асел Кодуранова –КСДП фракциясы;
  18. Чыныбай Турсунбеков –КСДП фракциясы;
  19. Азизбек Турсунбаев – “Кыргызстан” фракциясы;
  20. Дастанбек Джумабеков – “Кыргызстан” фракциясы;
  21. Алмазбек Баатырбеков – “Кыргызстан” фракциясы;
  22. Тынчтыкбек Конушбаев – “Кыргызстан” фракциясы;
  23. Таалайбек Масабиров – “Кыргызстан” фракциясы;
  24. Кубанычбек Нурматов – “Кыргызстан” фракциясы;
  25. Алмазбек Токторов – “Кыргызстан” фракциясы;
  26. Данияр Төлөнов – “Кыргызстан” фракциясы;
  27. Салайдин Айдаров –“Кыргызстан” фракциясы;
  28. Айтмамат Назаров –“Кыргызстан” фракциясы.

Жыйынга катталган, бирок добуш бербеген депутаттардын тизмеси ( “Ата Мекен” – 8, “Өнүгүү-Прогресс” – 7, КСДП – 6, “Бир бол” – 3, “Республика-Ата Журт” – 1, “Кыргызстан” – 0, эркин депутаттар – 3).

  1. Сайдулла Нышанов – “Ата Мекен” фракциясы;
  2. Наталья Никитенко – “Ата Мекен” фракциясы;
  3. Каныбек Иманалиев – “Ата Мекен” фракциясы;
  4. Айсулуу Мамашова – “Ата Мекен” фракциясы;
  5. Садык Шер-Нияз – “Ата Мекен” фракциясы;
  6. Эмил Токтошев – “Ата Мекен” фракциясы;
  7. Искендер Гаипкулов - "Ата Мекен" фракциясы;
  8. Бахадыр Сулайманов – “Ата Мекен” фракциясы;
  9. Алтынбек Жунус уулу – “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы;
  10. Гүлшат Асылбаева – “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы;
  11. Бакыт Төрөбаев – “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы;
  12. Абдумажит Юсуров – “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы;
  13. Абдыкапар Султанов – “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы;
  14. Исхак Масалиев – “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы;
  15. Тынчтыкбек Шайназаров – “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы.
  16. Бакытбек Жетигенов – КСДП фракциясы;
  17. Евгения Строкова – КСДП фракциясы;
  18. Альфия Самигуллина – КСДП фракциясы;
  19. Азамат Арапбаев – КСДП фракциясы;
  20. Айнура Осмонова – КСДП фракциясы;
  21. Ирина Карамушкина – КСДП фракциясы;
  22. Кубанычбек Жумалиев – “Бир бол” фракциясы;
  23. Игорь Чудинов – “Бир бол” фракциясы;
  24. Исхак Пирматов – “Бир бол” фракциясы;
  25. Алтынай Өмүрбекова – “Республика-Ата Журт” фракциясы;
  26. Камчыбек Жолдошбаев – эркин депутат;
  27. Тазабек Икрамов – эркин депутат;
  28. Алмазбек Жутанов – эркин депутат.

Жыйынга келбеген депутаттардын тизмеси ( “Кыргызстан” – 7, “Республика-Ата Журт” – 6, “Бир бол” – 4, “Ата Мекен” – 2, КСДП – 2, “Өнүгүү-Прогресс” – 0).

  1. Нурланбек Макеев – “Кыргызстан” фракциясы;
  2. Дамирбек Асылбек уулу – “Кыргызстан” фракциясы
  3. Исланбек Сарсейитов – “Кыргызстан” фракциясы;
  4. Нурбек Алимбеков – “Кыргызстан” фракциясы;
  5. Алмазбек Эргешов – “Кыргызстан” фракциясы;
  6. Урматбек Самаев – “Кыргызстан” фракциясы;
  7. Канат Исаев – “Кыргызстан” фракциясы;
  8. Махабат Мавлянова – “Республика-Ата Журт” фракциясы;
  9. Максат Сабиров – “Республика-Ата Журт” фракциясы;
  10. Динара Исаева – "Республика-Ата Журт" фракциясы;
  11. Мирлан Жээнчороев – “Республика-Ата Журт” фракциясы;
  12. Алиярбек Абжалиев – “Республика-Ата Журт” фракциясы;
  13. Абдыбек Дүйшалиев – “Республика-Ата Журт” фракциясы;
  14. Алмасбек Акматов – “Бир бол” фракциясы;
  15. Улугбек Ормонов – “Бир бол” фракциясы;
  16. Жаныбек Бакчиев – “Бир бол” фракциясы;
  17. Аскарбек Шадиев – “Бир бол” фракциясы;
  18. Аида Касымалиева – КСДП фракциясы;
  19. Гүлкан Молдобекова – КСДП фракциясы;
  20. Абдимуктар Маматов – “Ата Мекен” фракциясы;
  21. Алмамбет Шыкмаматов – “Ата Мекен” фракциясы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
Ak_Bulut
2018-03-07 22:25:31
Баардык талкууну ким кандай добуш бергени ушунтип ачык жазылып турса, ким кандай иштейт элге даана билинмек экен
+6
warrior96
2018-03-07 22:39:48
Каршы добуш бергендер тез арада банкрот болуп ооруп калсынчы!!!!!
+5
karakulja
2018-03-07 22:41:30
Илайим эле каршылардыкы турбай туубай калсын!
+6
Komrad
2018-03-07 23:02:52
Кийинкиге жылдырылганы албетте окунучтуу. Бирок мыйзамды дагы иштеп чыкпаса пособия элге тегиз, материал дык абалына жараша берилбей калуу ыктымалдыгы болсо керек.. Бул да болсо жокчулуктун айынан да, эмесе Кыргызстандын акчасы коп болсо, бай кедей дебей берилсин деп коюшмак да, байлар же шылуундар жалгандан акча алганга умтулмак деле эмес.. Кана эми,мисалы бирден квартира берсе жаны торолгон балага... Добушка да коюлмак эмес... Кедей уйдо тамагын жеткире албай кайра кайра эсептеген ата энедей
0
Asyl.jazi
2018-03-08 08:21:30
Komrad,көп жерден акчаны үнөмдөсө жетет эле.
0
Begimkyz.
2018-03-07 23:09:18
Өмүрү укпаган депутаттар жүрөт го, Жанар Акаев эмнеге каршы добуш берди экен, кызык.
0
Dembele84
2018-03-08 10:45:39
Begimkyz.,Копчулук депутаттар бул маселени шашпай жакшыраак карап,анан кабыл алалы десе болбой шашылыш болгон учун,Ж.Акаевге окшогондор кобу каршы чыккан
0
buran12
2018-03-07 23:31:39
Туугандар да барбы арасында Сайдолимжон Нодирбек деген?
0
jalgyzymsyn
2018-03-07 23:33:20
Ошол жолок пул жок ачка калып кыйналган балдардын убалы тийсин.
+3
nur007mir009kg
2018-03-07 23:48:30
Жөлөк пул ала албай биз окшоп кыйналган үй бүлөлөрдүн убалына калгыла каршы добуш бергендер.
+1
make2
2018-03-08 00:47:18
Бул мыйзамдын өтпөй калганы элге жакшы болуш керек эле, каршы добуш бергендерди каргабай тургула, бул мыйзам элди алдамай, Супер инфо бул мыйзамдын пайда зыяны тууралу кенен маалымат жазсаңар эл билсин.
+4
dastan.bujun
2018-03-08 07:51:51
жанар акаевди биринчи тааныган видеодо эле ойлогом жакшы киши эмес деп.
кийин элге куйумуш болуп чыга калды.
эки жуздуу окшойт менимче
+1
Dembele84
2018-03-08 10:46:53
dastan.bujun,Жамандабай тургула,эрте али
0
Ayjamal13021989
2018-03-08 09:06:30
Билгендер айтып койгулачы сураныч 2 балага жолок пул берилеби азыркы убакта
0
ruslanz
2018-03-08 09:36:47
Ayjamal13021989,Ишке аша элек, кийин билинет.
0
Birimdik5555
2018-03-08 09:29:05
Мусабекова жылдыз неге дагы эле иштеп журот,ушуну айдабайбы парламенттен
+1
ruslanz
2018-03-08 09:35:25
Бул деп-тар жолок пул жонундо мыйзамды колдобойбуз дешкен жок,болгону жакшылап жазып келгиле откондогудой болбойлу деп жатышат.
0
Dembele84
2018-03-08 10:51:45
Бул мыйзамды окмот шашылыш турдо кабыл алабыз деген учун копчулук депутаттар каршы чыккан.Акаев айткан толук тактап баш аягына чейин анан кабыл алалы деп.Окмоттун озунун кызыкчылыгы да болушу мумкун,бироону жамандаган али эрте дейм
+1
bayana1987
2018-03-08 12:16:41
Dembele84, сиз туура айтыптырсыз, парламенттин бул чечими туура. Анткени мыйзам таптакыр иштелип калган.
0
admin_superstan
2018-03-08 16:41:14
Erkinbek1978, адамдын кадыр-баркына шек келтирген сөздөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан