2017-жылы кабыл алынган “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамына ылайык, жаңы төрөлгөн балага 4 миң сом сүйүнчү пул, үч жашка чейинки бардык балдарга ай сайын 700 сомдон жөлөк пул, үчүнчү баладан баштап 3 жаштан 16 жашка чейинки балдарга айына 500 сом “үй-бүлөгө көмөк” акча берилмек. Мыйзам 2018-жылдан баштап күчүнө кирмек. Бирок бул мыйзамга Нарын облусунун тургундары каршы митингге чыгышкан. Алар 3 жана андан көп баласы бар үй-бүлөлөргө төлөнүүчү жөлөк пулда каралган чектөөлөргө каршы экенин билдиришкен. Мындан улам өкмөт мыйзамдын ишке кирүү мөөнөтүн 3 ай артка жылдырып берүүнү сунуштаган.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова жөлөк пул тууралуу мыйзамына кандай жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатканын SUPER.KG порталына айтып берди.
Ал билдиргендей, бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин эки комитетинде каралган. “Учурда бала төрөлгөндө “сүйүнчү пул” берилип жатат. Бул төлөм кала турган болду. Бирок буга чейин тоолуу аймактарда жашагандарга 6 миң сом берилет деп айтылган. Төлөм сүйүнчү катары берилгендиктен бардык аймактарда жашагандарга бирдей суммадагы 4 миң сом төлөнөт. Ошондой эле 3 жашка чыкканга чейин берилүүчү жөлөк пулдун жана 3 жаштан 16 жашка чейинки курактагы үч жана андан ашык балдары бар жарандарга ай сайын берилген жөлөк пулдун ордуна муктаж үй-бүлөлөргө берүү сунушталып жатат. Муктаж болгон үй-бүлөлөрдү өкмөт аныктайт. Мындан тышкары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ай сайын социалдык жөлөк пулдун өлчөмүн жогорулатуу сунушталууда. Конституция боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга берилүүчү социалдык төлөмдөр жашоо минимуна карата жогорулап турушу керек. 2012-жылдан бери аларга берилүүчү жөлөк пул жогорулаган эмес. Буга чейин алардын ата-энелери дагы "балдарыбыздын социалдык төлөмүн жогорулатып бергиле" деп кайрылууларды жолдогон”, - деди Мамытова.
Министрдин орун басарынын айтымында, бул менен катар эле Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине толуктоо киргизүү сунушталууда.
“Мыйзам долбоору менен ата-энесинен кароосуз калган жана тарбиялоо мекемелеринде, дарылоо мекемелеринде жана калкты социалдык жактан коргоо мекемелеринде жайгашкан балдарга депозиттик өздүк эсеп ачуу сунушталып жатат. Аларга берилүүчү алименттерди, пенсияны, жөлөк пулду жана башка социалдык төлөмдөрдү депозиттик эсепке которуу каралган. Анткени аталган жайдагы балдардын тамак-ашы, жашаган жери мамлекет тарабынан каржыланат. Кийин алар 18 жашка же кайсы бир жашка чыкканда өзүнүн эсебинен окуусуна жана башка нерсеге чогулган каражатты пайдаланса болот”, - дейт ал.
Мамытова бул мыйзам долбоору боюнча атайын мекемелер аралык топ түзүлгөнүн айтты. Топко вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова төрайым болгон. Ошондой эле Жогорку Кеңештин ар бир фракциясынан бирден депутат, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кирген.
Балдардын укугун жана кызыкчылыгын алга жылдыруу боюнча коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясы жана Балдарды коргоо уюму мыйзам киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдогон. Анда аталган уюмдар сунушталган мыйзам долбоору коррупциялык жагдайлардын жаралышына шарт түзө турганын билдиришкен.
“Кыргыз өкмөтү аялдарга, балдарга, көп балалууларга каршы келген мыйзам долбоорун карап чыгып, кабыл алууга Жогорку Кеңешти мажбурлап жатат.
Өкмөт тарабынан сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун концепциясы мамлекеттик жөлөк пул боюнча мыйзамдын 2009-жылдагы редакциясына кайтып келүүдө. Ал мыйзам боюнча өтө жакыр жашаган үй-бүлөдөгү 16 миң бала, муктаж үй-бүлөдө жашаган 582 миң бала мамлекеттин жөлөк пулун ала албай келет.
Өкмөт Жогорку Кеңешке социалдык коргоо системиндеги коррупцияны жайылтуучу мыйзамды алып келүүдө. Бул мыйзам долбоорунда муктаж болгон үй-бүлөлөргө даярдоого оор болгон документтердин талабы кирип калгандыктан коррупцияга жол ачылат.
Өкмөт бардык мыйзам, регламенттерди бузуу жолу менен аймактарда коомдук талкууларды өткөрбөстөн бул мыйзамды парламентке киргизип жатат. Биз Жогорку Кеңешке балдарды, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды, социалдык жактан муктаж болгондорду коргоого чакырабыз. Депутаттардан мыйзам долбоорун четке кагуусун суранабыз”, - деп айтылат уюмдардын кайрылуусунда.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин "Арди" бирикмесинин төрайымы Турдубү Жумабекова депутаттарды мыйзамды терең изилдеп чыгып, жакшылап талдап, кийин кабыл алууга чакырууда.
“Негизи мыйзамдын 2009-жылдагы эски редакциясы жакшы болчу. Анда жөлөк пул муктаждарга гана каралган. Болгону балдардын чоң атасынын пенсиясы деле үй-бүлөнүн кирешеси катары каралып, көп муктаж балдарга жөлөк пул берилбей келген. Мындай негизсиз себептерден жөлөк пулдан кол жууп калган балдар көп. Менимче, азыр Жогорку Кеңеш ошол 2009-жылдагы эски редакциянын айрым критерийлерине шашпай өзгөртүүлөрдү киргизип, жөлөк пул алуу чыныгы муктаж балдардын баарына жете турган шарт түзүшү шарт. Азыр ички миграциядан Бишкекте эле аймактардан көчүп келгендердин муктаж болгон миңдеген балдары жөлөк пул албайт. Депутаттар буга окшогон кемчиликтерди жоюшу керек”, - деди Жумабекова.
7-мартта Жогорку Кеңеште бул мыйзам долбоорду күн тартибине киргизүү боюнча талаш-тартыш жаралган. Айрым депутаттар мыйзам долбоорду терең изилдеп, шашылбай кароону сунуштаган. Алар мыйзам долбоор боюнча аймактарда коомдук талкуу өтүшү керектигин айткан. Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү парламентте каралгандан кийин деле коомдук талкуу өткөрсө боло турганын белгилеген. Бирок жыйынтыгында мыйзам долбоору күн тартибинен алынган.