Бишкекте 1 тоннадан ашык беш бармак менен 110 метрлик чучук элге таратылууда

Борбор калаадагы "Аю гранд комфорт" соода борборунун алдында азыркы тапта "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүү үчүн даярдалган 1 тонна беш бармак менен 110 метрлик чучук келген элге таратылууда. Бул үчүн 8 жылкы союлгандыгы маалымдалган.

Учурда соода борборунун алдына топтолгон шаар тургундарынын саны көп. Бирок казандар орнотулган тарапка келген эл өтө албай тургандай тосмолор орнотулган. Элге бериле турган беш бармак тосмонун сыртында чараларга салынып турат. Уюштуруучулар аны келгендерге боорсок менен кошо ооз тийгизишүүдө.

Буга чейин социалдык тармактардын айрым колдонуучулары шаар тургундарын ал жерде маданияттуулукту, сабырдуулукту сактоого чакырып жатышкан. Кээ бирлери ошол жерде ызы-чуу чыгып, уят болбосок экен деген чочулоолорун билгизишкен. Учурда өтө жаман көрүнүштөр болгон жок. Бирок көпчүлүктүн арасынан баштыгын сууруп чыгып, тамак, чучук таратып жаткандардын табагына кол салып жибергендер бар. Ошол эле учурда атайын келип ооз тийбей кетип, нааразы болгондордун да саны көп.

Ал эми даярдалган чучуктун узундугу 117 метрге жетет деген да маалыматтар бар. Беш бармак 2 тонна салмакка чейинки жүктү өлчөй ала турган атайын сатып алынган таразага тартылган. Анда анын салмагы 1 тонна 464 килограммды түзгөн.

1 тонна беш бармак жана 110 метрлик чучукту таратуу иш-чарасында
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Samina007
2018-03-11 12:39:17
Азаматтар!!силерге тереең таазим.Гинесстер китебине кирбесе деле,ушундай бирдиктүү иш алыпбарган Кыргыз калкыма рахмат.биримдүү бололу айланайын силерден Кыргыз калкым
+13
Nanei
2018-03-11 12:40:06
Мусорго толот ошол бешбармак тараткан жер ,кечинде коросунор маданиятуулукту
+4
vavilon.
2018-03-11 12:42:51
Элге таратпай балдар үйүнө, карыялар үйүнө, жетим жесирлерге гана таратсаңар болмок. Ал жерге баргандын баарына эле тарата бербей.
+5
Adilet_adi
2018-03-11 12:44:19
Зынк! Беш бармак суктандыратго
+4
vavilon.
2018-03-11 12:45:19
1000кг деген эмне болмок баарына тарата берсе, 10миң адамга 100грамдан жетет анан түгөнөт. А Бишкекте канча миң калк жашайт, 1млн тегереги. Жуткунуп баары бара берсе болбой калатго,
-3
portugalia
2018-03-11 12:49:29
Салтындан кагылайын кыргыз калкым!Бешбармак,чучук жеп кыргыз экенинерди унутпай кокурокко сактай жургуло.Уюштуруучуларга рахмат.Маданият жагына келсек,ар бир адам озунон баштасын маданияттуулукту.
+9
DAKS
2018-03-11 12:57:03
Баарына жетпесе да кочулуктун арасында этиканы сактап уят болбой откозуп алышка экен.
Эч нерсе корбогондой жулунбай пейилди кенен коюп маданияттуу бололучу
+2
Pchelka85
2018-03-11 12:59:41
Жакшы.. Беш бармак. Чучук... Но даяр тамакты Карылар уйуно жана балдар уйлоруно таратышса болмок. Чоон Сооп иш да кылышмак...
+3
maks1980bishkek
2018-03-11 13:12:17
ал жерде баары орусча сүйлөштүго айланайындар.борщ эле жасасаңар болмок экен.кыргызча сүйлөгөн адам жокго
+22
Pchelka85
2018-03-11 14:23:04
maks1980bishkek, боорду эзесиз го)))))
+5
maks1980bishkek
2018-03-11 14:29:55
Pchelka85,чынле фбда прямой эфир кылып туруштуго.баары орусча сүйлөшөт.эми жаңылыктар дан бир кыргыз алардын сөзүн кыргызчага которуп беретда )))))
+5
BarsBaatyr
2018-03-11 15:17:57
maks1980bishkek,Ар-намыс деген нерсе жок да аларда.Уят,уят дагы бир жолу уят...
+1
Osh2017g
2018-03-11 13:27:49
Камыры колго кесилгенби,жэ магазиндин лапшасыбы.
0
aerforce
2018-03-11 22:41:33
Osh2017g, ошол жагы окшобой калыптыр магазиндин лапшасын салып салыптыр ошончо чыдап бир колго тууратпаптыр жуз аялга
0
Cleo-13
2018-03-11 13:35:46
Баарын бир идишке салып даЯр тамакты анан суротко тартып, таркатышат деп куттум эле
+1
Shahrizaada
2018-03-11 14:47:05
Ошончо адамдын көзү,сугу түштү. Аны кантип жешет эми.
0
aerforce
2018-03-11 15:43:58
жетпей калдык жамгырда балам менен ичине кирип кетип бирок элдин маанайы жакшы ичим ачышып калды ошончо барып бир кашык ооз тийбей калганыма ал озудун куном
0
Rasul94
2018-03-11 19:39:26
калбадыбы чучук.эртен барсам
0
aza84
2018-03-11 20:20:57
Коп эле адамдарга жетпей калыптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан