Кыргыз Эл артисти Ашыр Чокубаев 71 жашында дүйнө салды

Бүгүн, 11-мартта Кыргыз Эл артисти Ашыр Чокубаев дүйнө салды. Кинематографисттер департаментинен билдиргендей, актёр узакка созулган оорудан улам каза болду.

Ашыр Чокубаев 1947-жылы Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы кыргыздын белгилүү артисти Назарбек Чокубаев театрда эмгектенген. Апасы Турсун Чокубаева да театрда актриса болуп иштеген.

Ашыр Чокубаев №6, №9-орто мектептеринде билим алган. Мектепти аяктаган соң Москва шаарындагы Бүт­күл Союздук кино тармагы боюнча институтун аяктаган. Жогорку билимге ээ болгондон кийин Кыргыз драма театрынын башкы режиссёрунун чакыруусу менен ошол театрда иштеп калган.

Театр жана кино актёру “Кожожаш”, "Курманжан датка", "Ак илбирстин тукуму" жана башка фильмдерде роль жараткан. Ал гана эмес, коңшу казак элинин бир далай тасмаларына түшүүгө жетишкен. Буга белгилүү “Көчмөндөр”, "Баатыр баяны", "Талаадагы куушмак" жана башка фильмдери далил боло алат.

Кошумчалай кетсек, Ашыр Чокубаевдин иниси Эдилбек Чокубаев дагы кино тармагында актёр, каскадёр катары таанымал. Анын Сайкал жана Саадат аттуу эки кызы бар. Тун кызы Сайкал Чокубаева Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевге турмушка чыгып, кийин ажырашып кетишкен.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Ашыр Чокубаевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Muslim_KGstana.
2018-03-11 13:16:59
Датка тасмасында роль ойногон киши э
+2
Muslim_KGstana.
2018-03-11 13:17:23
Датка кылган ушул киши да
+2
jasgul
2018-03-11 13:17:24
Айдар Акаевдин кайнатасы беле. Жаткан жери жайлуу болсун.
0
guli-1980
2018-03-11 15:51:23
jasgul,оа
-1
Boha1
2018-03-11 13:53:07
Жаткан жери жайлуу болсун!
+5
sirgak_92
2018-03-11 14:04:11
Азирети Эмир болуп аткарат.
+2
dastan_nookat
2018-03-11 14:29:29
Жаткан жери жайлу болсун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам
+3
BarsBaatyr
2018-03-11 14:35:58
Ашыр ава менен 2002 чи жылы бир жерде отуруп чай устундо беш-он мунот баарлашканды Кудай насип кылган экен мага.Бир коз ирмем эле суйлошсок дагы омур бою эсте калчу акыл-насааттарын айткан.Жаткан жериниз жайлуу болсун!Жакындарынын азасын тен болушобуз.
+10
mira28
2018-03-11 14:54:18
Кожожашта Касендин Ролун аткарганбы
0
mira28
2018-03-11 14:59:16
mira28,жаткан жери жайлуу болсун.Кайрылып келгис инсан эле.Эх окунучтуу.Азыр ырчынын бапры актёр болуп кыргыз киносунун баркын кетирдиго.1жолу аран чыдап коросун.Ал Эми совет доорунда чыныгы актерлук билимди алган актерлор катышкан кинону канча жолу корсон да тажабайсын.
+4
Totyua.71.
2018-03-11 15:05:24
жаткан жери жайлуу болсун
+4
bekov01
2018-03-11 19:54:35
Жаткан жери жайлуу болсун
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан