Бишкек шаардык №3-балдар ооруканасына жакындары тарабынан сабалып түшкөн 8 жаштагы кыз жөнүндө маалыматты бүгүн, 12-мартта окурман "Элдик кабарга" билдирген эле.
SUPER.KG порталына секелек кызды тааныгандардын бири аты-жөнүн жашырууну суранып, ал тууралуу маалыматтарды айтып берди. Анын айтымында, 8 жашар кыз өзүнүн атасы, өгөй апасы, бир тууган агасы менен жашайт.
"Бул кыз ооруканага абдан оор абалда жеткирилген, колу сынып, башынын 5 жеринен жаракат алган. Денесинин көп жерлери, моюну да аябай көгөргөн, тытылган. Буга чейин аны бир тууган агасы уруп жүргөнүн угуп калчубуз. Кыз мектепке да барбайт. Бирок акылы абдан жетик кыз, тамгаларды тааныйт. Бизге кыздын билдиргенине таянсак, аны өгөй апасы уруп, эч кимге айтпа деп коркутуп жүргөн. Ошол күнү да отургуч менен урганда колу сынып кеткен экен. Бирок кызды "селкинчектен кулап кеттим" деп айт" деп жатышат. Өзүнүн энесинин басып кетмей жайы бар эле... Ошентип бир күнү кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Балдары атасы менен калган. Кийин атасы үйлөнүп, ал жубайы менен бир балалуу болушту", - дейт ал.
Азырынча маалыматты милиция менен балдар ооруканасы тастыктай элек.