
Бишкек мэриясы Чүй кең көчөсүнүн атын өзгөртүүнү сунуштоодо. Токтомдун долбоору коомчулуктун талкуусуна чыгарылды.
Маалыматка караганда, долбоордо 2 сунуш көрсөтүлгөн:
1) Шабдан Баатыр көчөсүнүн Чүй кең көчөсүнөн тартып, Бишкектин түштүк чек арасына чейинки бөлүгүн "7-апрель" деп атоо;
2) Чүй кең көчөсүн Ауэзов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгү Шабдан Баатыр проспектиси деп өзгөртүү.
Бул сунуш 2017-жылы "Айкөл Ала-Тоо" жана "Мекен шейиттери" коомдук уюмдары тарабынан көтөрүлүп, алар ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге кайрылышкан.
Көчөнүн атын өзгөртүү сунушун көтөрүп чыккандардын бири Мээрбек Мискенбаев SUPER.KG порталына өз оюн билдирип, бул сунуш 7-апрелдин атын өчүрбөй сактап калуу максатында көтөрүлгөнүн айтат.
"2010-жылы 7-апрель күнү канчалаган жигиттерибиз кайтыш болду, ошолор ушул Шабдан баатыр көчөсү менен өтүп кайра артка кайтпай калышты. Ошол жигиттер өмүрүнүн акыркы сааттарында ушул көчө менен эркиндик деп басып өтүшкөн. Ошол себептен 7-апрель деп өзгөрсө жакшы болмок. Бул демилгени көптөн бери көтөрүп келе жатабыз, өзгөрүп калса жакшы иш болмок", - дейт Мискенбаев.