Жер-жерлерде жөлөк пул жөнүндө мыйзам долбоору тууралуу коомдук угуу өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта парламенттин тийиштүү комитетинин жыйынында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова билдирди.
Анын айтымында, 9-мартта Жалал-Абад облусунда, 10-мартта Ош облусунда, 12-мартта Нарын облусунда коомдук угуу өткөрүлдү. "Депутаттар тарабынан коомдук угуу өткөрүлүшү керектиги айтылган. Жер-жерлерде өтүп жатат. Жаңы иштелип чыккан мыйзам долбоору боюнча, 3 жашка чыкканга чейин берилүүчү жөлөк пулдун жана 3 жаштан 16 жашка чейинки курактагы үч жана андан ашык балдары бар жарандарга ай сайын берилген жөлөк пулдун ордуна муктаж үй-бүлөлөргө берүүнү сунуштаган. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ай сайын социалдык жөлөк пулдун өлчөмүн жогорулатуу сунушталууда", - дейт министр.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш 2017-жылдын 21-июнунда “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамын кабыл алган. 1-августта ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Мыйзамдагы негизги өзгөртүү - бул "Аз камсыздалган үй-бүлө" деген норма жоюлуп, "Балага сүйүнчү", "Балага жөлөк" жана "Үй-бүлөгө көмөк" деген жаӊы түшүнүктөр киргизилгенинде болгон. Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирмек. Анда жөлөк пулдун 3 түрү каралган эле. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, жаңы төрөлгөн балага бир жолу 4 миң сом сүйүнчү пул, 3 жашка чейинки бардык балдарга ай сайын 700 сомдон жөлөк пул, 3 жаштан 16 жашка чейинки балдарга айына 500 сом “үй-бүлөгө көмөк” акча берилмек. Бирок бул көмөк акча бардыгына эле берилбей тургандыгы айтылган. Үй-бүлөнүн 3 жаштан 16 жашка чейин үчтөн ашык баласы болсо, жөлөк пул үчүнчү баладан баштап андан кийинкилерге гана берилмей болгон. Мисалы, 5 баласы барлар 1-2-баласына жөлөк пул ала алышпайт деп түшүндүрүлгөн. Талаш-тартыш дал ушул жерден башталган.
2017-жылдын декабрь айында бул мыйзамга Нарын облусунун тургундары каршы митингге чыгышкан. Алар 3 жана андан көп баласы бар үй-бүлөлөргө төлөнүүчү жөлөк пулда каралган чектөөлөргө каршы экенин билдиришкен. Мындан улам өкмөт 2018-жылдын 1-январында күчүнө кире турган аталган мыйзамдын “балага сүйүнчү” төлөөгө тийиштүү жобосун кошпогондо, ишке кирүү мөөнөтүн 3 айга артка жылдырууну сунуштаган. Ошондой эле өкмөт бул мыйзам күчүнө кирсе 30 миңдей бала жөлөк пул албай кала турганын айтышкан.