Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун соту анын өтүнүчү менен 22-мартка жылдырылды.
Мунун себебин депутат мындайча түшүндүрдү.
"Биринчи соттук инстанция мени жогору жактын буйругу менен бир дагы далили жок соттоп жиберди. Укуктук, өнүккөн мамлекет болобуз десек биринчи кезекте адамды күнөөлүү экенин кынтыксыз далилдер менен далилдеш керек да. Эгер биз келтирген жүйөлүү далилдерге көңүл бурбай, тергөөчүнүн ойлоп тапкан божомолуна таянып соттоп жиберсеңер, анда 1938-жылы Ежов түзгөн "тройкадан" айырмаңар эмнеде? Силерге "эки жерде эки төрт" дегенди бир жылдан бери далилдей албай келе жатам. Ал автоунааны алты кишиден турган тендердик комиссия алган, менин тиешем жок. Аялым унаасын фирмага сатканга мыйзамдуу укугу бар, аны ал укуктан эч ким ажырата албайт. Мамлекетке бир тыйын чыгым келген эмес. Мунун баары соттук териштирүүдө далилденди. Менин жүрөк оорум эки айдын ичинде эки жолу кармады. Жүрөгүм коркконумдан ооруганы жок, адилетсиздиктен сыздап жатат. Күнүнө бир ууч дары ичип жатам. Мындайды душманыма да каалабайм", - деди Шыкмаматов.
Белгилей кетсек, "Алмамбет Шыкмаматов 2011-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген" деп айыпталууда. Биринчи инстанциядагы сот иши Биринчи Май райондук сотунда каралып, 19-декабрда Алмамбет Шыкмаматовго, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Германиянын Кыргыз мамлекетинде жашаган жараны Али Юкселге өкүм чыгарылган. Соттун чечимине ылайык, Шыкмаматов 5 миллион сом айыпка жыгылган. Иманалиев 10 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланып, эркиндикке чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштебейт. Ал эми алар менен бирге айыпталып жаткан Юксел жазадан бошотулган. Шыкмаматов соттун мындай чечимине каршы экенин билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылган.