Өзбекстандын Фергана облусундагы Азизбектин денесинен 16 ийне табылган. Балага тез аранын ичинде операция жасалып, дарыгерлер 16 ийненин 13үн алып чыгышкан.
Учурда Азизбектин абалы канааттандырарлык болуп, ооруканадан чыкты. Эми ал Фергана аймактык дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Азизбектин апасы Шохсаном Балтабаева: "Жолдошум экөөбүз 5 жыл балалуу боло албай жүрүп, уулдуу болгонбуз. Азизбек биздин көптөн күткөн наристебиз. Уулумдун өмүрүн сактап калган дарыгерлерге өмүр бою ыраазымын", - деп билдирген.
Ал эми Азизбектин денесинде калган 3 ийне кийинчерээк алынары маалым болгон. Азырынча 3 ийне баланын өмүрүнө коркунуч жаратпай турганын дарыгерлер билдиришкен. Ошондой эле Азизбек ийнелерди жутуп алышы мүмкүн эмес экендигин, металл каражаттар денеге тери аркылуу кириши мүмкүн экендигин дарыгерлер айтышууда.