Рак илдетинен улам бир көзүнөн, бетинин бир бөлүгүнөн айрылган Баатыр Баназаров Индиядан кайтмай болду

"Рак илдетинен улам бир көзүнөн, бетинин бир бөлүгүнөн айрылган Баатыр Баназаров Индиядан Кыргыз өлкөсүнө кайтмай болду. Дарылануунун 2-этабына керектелүүчү 5 миң доллар акча топтолбой калды", - деди 16-мартта бейтапты коштоп Индияга кеткен дарыгер Азамат Кошалиев.

Анын билдирүүсүнө ылайык, бул кейиштүү деле нерсе эмес, эң негизгиси алардын Индияга баруудагы максаты орундалды.

"Рак клеткаларына каршы криотерапиянын (клеткаларды тоңдуруу жолу) анализи чыкты. Дарыгерлер бизге рак клеткаларынын 95 пайызы тоңуп, терини жеген процесс убактылуу токтоду деп айтышты. Биздин биринчи максатыбыз рактын өрчүшүн токтотуу болчу. Калган 5 пайыз рак клеткаларын Кыргыз жерине барганда дарылай турган болдук. Бул үчүн керектүү дары каражаттардын баарын алдык. Өзүбүздүн жерге барганда да кайра текшерүү жүргүзүп көрөбүз.

Дарылануунун 2-этабы - бейтаптын бетин жамаганга даярдап, пластикалык операция жасоо эле. Бирок бул жакта медициналык кызмат көрсөтүү кымбат, чет элде жүрүүнүн өзү да акчаны талап кылгандыктан биз өз жерибизге кетүүнү туура көрдүк. Дарылануунун бул этабын Кыргыз жеринде деле жүргүзө алабыз деп ишенем", - деди Кошалиев.

Ошондой эле дарыгер Баназаровдун оорудан мурдагыдай кыйналбай калганын, илдеттин жыты да кеткенин кошумчалады.

"Келгенибизге 40 күн болуп калыптыр. Албетте, бөтөн жерде тамак-ашына көнүп кетүү оңой болгон жок. Баатыр ага кыйналбаш үчүн үйдөн тамак даярдап жаттым. Экөөбүз тең Кыргыз жерин сагындык, барып дарыланууну улантабыз. Жардам берген элге бейтап абдан ыраазы болуп жатат. Кудай буюрса, 21-мартта өзүбүздүн өлкөдө болуп калабыз", - дейт ал.

Жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн Баатыр Баназаровдун апасы Саткын Баназарованын байланыш номери 0773 679 822.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Mirlan27011987
2018-03-16 15:00:53
Оору кайда болсо, жан ошол жерде. Оору оору эмес, ооруну баккан оору.
+22
aydinnur
2018-03-16 15:59:51
Дарыгерге чоң рахмат,өз ишиндей жүгүргөн!Тем более азыркы заманда..
+24
cyrus
2018-03-16 16:16:56
Аллахым шыпаасын берсин. Коп тукурсо, кол болот, келгиле ар бирибиз колубуздун келишинче жардам берели. Оруусунан айыгып кетсин.
+19
kutman-kg94
2018-03-16 17:41:31
Шыпасын берсин
+6
Rubin
2018-03-16 19:18:12
Кудай шыпаасын берсин!
+7
Jaziko80
2018-03-16 20:08:19
Аллах шыпаасын берсин.
+7
Edward.14
2018-03-17 09:10:04
Кудай шыпаасын берип,айыгып кетсин.
+2
asad345
2018-03-17 09:49:40
Аллах шыпаасын берсин
+3
asad345
2018-03-17 09:50:19
жардам бергендерге Аллах жакшылыгын берсин
+4
tyrgon
2018-03-17 22:15:54
даарыгер чыныгы жигит чыныгы даарыгер
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан