Бүгүн, 16-мартта КСДП фракциясынын жыйынында өлкөдөгү кылмыштуулук менен күрөшүү жана бизнестин коопсуздугун камсыз кылуу маселеси каралды.
Анда депутат Карамат Орозова күч органдарынын жетекчилерин жөлөк пул берүүдөгү коррупциялык көрүнүштөргө каршы чара көрүүгө чакырды. Депутаттын айтымында, учурда айрым жерлерде жалган документтер менен "өлүк жандарга" жөлөк пул берүү фактылары жок эмес.
Мындан сырткары, депутат бул өңдүү фактылар боюнча канча кылмыш иши козголуп, салынган айып пулдардын өлчөмүнө кызыкты.
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башчысы Замирбек Осмонов бул боюнча маалыматы жок экенин билдирди.
"Бирок жөлөк пулду берүүгө акча бюджеттен бөлүнүп жаткандыктан, бул жааттагы мыйзам бузуучулуктар бюджеттик категорияга тиешелүү. Жалпысынан алганда, бюджеттик каражатты максатсыз пайдалануу боюнча 111 акт түзүлүп, 109 кылмыш иши козголгон, 174 миллион сомго айып пул салынды", - деди Осмонов.