Шоу-бизнестеги көз күйдүргөн бойдок айымдарыбыз саналуу эле. Дал ошол башы бош ырчылардын бири Айпери Кубик кызы турмушка чыгууга камданып жатат. Ал бул тууралуу SUPER.KG порталына билдирди.
"Ооба, турмушка чыгууга макулдугумду бердим. Бирок тойдон мурда болочок жолдошум тууралуу маалыматты жашырып турууну чечтим. Учурда тойго даярдык көрүп жатабыз. Мен март айында аймактарга концерт коюуну алдын ала пландаштырып алгам, гастроль бүткөндөн кийин тоюбуз болот", - дейт ырчы.
Белгилей кетсек, "Айымдарга жан дүйнө тынчтыгы, ысык сүйүү турмушка чыккандан кийин келет экен" деген Айпери Кубик кызы 2014-жылы Нарулан аттуу мырзага турмушка чыгып, 1 уулдуу болушкан. 2016-жылы түгөйлөр ажырашып кетишкен.