Медиа-порталдын "Элдик видео" бөлүмүнө Канатбек Бегалиевдин "Спорт менен намысты Талас облусунан эч ким талашпай эле койсун" деп сүйлөп жатканы тартылган видео жүктөлгөн.
Видеодон 21-мартта Бишкектеги "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата өткөн көк бөрү боюнча мелдеште жеңишке жеткен Таластын "Ынтымак" командасын Бегалиев куттуктап жатканын көрүүгө болот. Анда ал: "Бул күн - тарыхта кала турган күн. Бүгүн кимдин ким экени билинди. Мен айтар элем спорт менен намысты Талас облусунан эч ким талашпай эле койсун", - дейт.
Айта кетсек, 21-мартта Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча республикалык мелдештин финалы орун алды. Анда Таластын "Ынтымак" командасы Оштун "Достук" командасы менен кездешип, 2:1 эсебинде утуп алды.