"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "9-жатакана толугу менен оңдоп-түзөөдөн өтүшү керек. Электр жарыгы коопсуздук үчүн өчүрүлдү"

"Элдик кабарга" окурман "Кыргыз улуттук университетинин 9-жатаканасынын жашоочуларын чыгуусун, бөлмөлөрдү бошотуусун талап кылган жетекчилик тараптан жатакананын электр жарыгын өчүрүлдү" деп билдирген.

Бул боюнча аталган окуу жайдын башкы инженери Адылбек Маматов SUPER.KG порталына окуянын чоо-жайын айтып берди.

Ал билдиргендей, оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканда жатакананын жашоочуларын башка жакка жашап туруусу эскертилген.

"9-жатакананын абалын 2018-жылдын 20-январында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы текшерип, имарат авариялык абалда экенин айткан. Бүгүнкү күндө жатакананын чатыры, жылуулук түтүкчөлөрү, канализациясы жана электр зымдарын толугу менен оңдоп-түзөөдөн өтүшү керек. Биз жашоочуларга 25-январдан тарта 1-апрелге чейин көчкүлө деп эскертип жатабыз. Буга чейин жааган жамгырдан электр шаймандарына суу тамчылап кооптуу кырдаал жаралганы үчүн электр жарыгын өчүрдүк. Жашоочулардын жаш балдары бар кокустук болуп кетсе ага биз жооп беребиз. Ошондуктан коопсуздукту алдын алуу максатында электр жарыгын өчүрдүк", - дейт Маматов.

Мындан тышкары тийиштүү документтерде жатакана окутуучуларга эмес студенттерге арналганын, бирок бүгүнкү күндө жашоочулардын көпчүлүк бөлүгүн мугалимдер түзөрүн айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
manaas
2018-03-24 12:34:42
Бул жатакана эмес эле, малканаго.
+1
meku89
2018-03-24 12:57:10
Ушундай абалга жеткиче журо бербей эртерээк кылбайсынарбы ремонтунарды. Урап кала турган болуптур го.
-2
karakulja
2018-03-24 13:21:55
Оштогу ХБКдагы 9-обшежитя ото популярный эле 2000-2010-жылга чейин.
-4
almanbetperm
2018-03-24 16:40:58
karakulja,тоодон тушуп келгенде жыргагансынго дейм
+2
s.k.bakyt
2018-03-25 10:45:51
Улуттук университетте 17000 студент окуйт экен, анын 16000 котрактык негизде окушат имиш. Ар бири жылына орточо 20000 сом контракт төлөсө 320 000 000 сом болот экен. Бул акча мейли бюджетке түшүп атса да кайда сиңип кетет?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан