Кыргыз улуттук университетинин 9-жатаканасынын жашоочулары митингге чыгышты. Ректор аларды "сүйлөшпөй коём" деп коркутуп жатат

26-мартта Кыргыз улуттук университетинин 9-жатаканасынын жашоочулары митингге чыгышты.

"Бизди жатаканадан чыгуубузду талап кылып жатышат. Алдын ала эскертүү берилген эмес. Аталган окуу жайдын ректору Канат Садыковго кайрылсак, "чыгасыңар" деп коркутууда. Ошондуктан митингге чыкканга аргасыз болдук", - дейт атын атоодон баш тарткан жатакананын жашоочусу.

Митингде тартылган видеодо Канат Садыковдун "сүйлөшпөй коём" деп айтканын кездештирсе болот.

Эске салсак, 23-мартта "Элдик кабарга" "Жатакананын жашоочуларынан бөлмөлөрдү бошотуусун талап кылган жетекчилик электр жарыгын өчүрдү" деген маалымат келген.

Ал эми окуу жайдын башкы инженери Адылбек Маматов SUPER.KG порталына оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканда жатакананын жашоочуларын башка жакка жашап туруусу эскертилгенин айткан. Ошондой эле ал бүгүнкү күндө жатаканадагы жашоочулардын көпчүлүк бөлүгүн мугалимдер түзөрүн билдирген.

Студенттердин жана окутуучулардын митинги
Улуттук университеттин мугалимдери: "Көчөгө чыгып калуу коркунучундабыз"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Akshumkar
2018-03-26 12:06:51
Эми ондотконго мумкунчулук бергиле да эптеп бир жерди таап жашап тургула да. Жатакананын кебетесин корогом 5 жыл мурун эле мышык ыйлай турган кейпине кирген.
+4
taalay25
2018-03-26 12:15:01
Жайында ондосо болбойт беле
+5
Baha.bs95
2018-03-26 12:47:30
9да 4жыл жашап кеткем тазаланыш керек чынын айтканда.
-1
Sabway
2018-03-27 02:18:00
Baha.bs95,семейный болуп туруп жашап корсон билесин, мен 5 жыл жашап, иштегем. Жанындагы 4-жатакананы деле ондоп койбойбу, анчалык ондогулары келип атса.
+1
Akshumkar
2018-03-26 13:26:37
Ректордун мындай кылганы туура эмес.
+5
Arlenchik
2018-03-26 22:00:22
Ректордун озун алып жургонун кара, сылык турдо суйлошуу дегенди билбей, ондойбуз деген шылтоо мн чыгарып салган атса керекда, жондон жон эле митинг кылышпайтда, ондоо иштери негизи окуу аяктап, студенттер каникулга кеткен убакта анан жазалыш керек болчу, демек ремонт кылабыз дегени жонле шылтоо, басымдуу болугу мугалимдер жашаса билишет да.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан