"Жогорку Нарын ГЭС каскады боюнча доону чакыртып алуу тууралуу Орусия менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө" дейт Алымбек Орозбеков

"Жогорку Нарын ГЭС каскады боюнча доону чакыртып алуу тууралуу орусиялык "Русгидро" компаниясы менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө", - деп бүгүн, 27-мартта парламенттин тийиштүү комитетинин жыйынында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Алымбек Орозбеков билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Нарын каскадын курууга инвестор табылды. "Бирок аталган орусиялык компания 37 миллион доллар доону чакыртып алганча инвесторлор менен сүйлөшүү иши токтотулду", - дейт ал.

Ошондой эле Орозбеков Камбар-Ата-1 ГЭСи Өзбекстан менен биргеликте курула турганын айтты. "Узбекгидроэнерго" компаниясы менен келишимге кол коюлду. Долбоорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деди Орозбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан