Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Чыныбай Турсунбеков Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка бөлүнгөн каражатты ыйгарып алуу окуясы боюнча УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына УКМКдан тастыкташты.
Маалым болгондой, суракта Турсунбеков биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев менен беттештирилди. Ошондой эле Турсунбековдун жардамчысы Нурлан Абдыгул уулуна аталган иш боюнча "ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу" жана "документтерди жасалмалоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгону белгилүү болду.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров 2017-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка бөлүнгөн 2 миллион сомдон ашуун каражатты мыйзамсыз түрдө ыйгарып алган деп шектелип кармалган. Ал кезде Чыныбай Турсунбеков парламенттин төрагасы, Аскарбек Шадиев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы болгон.
Учурда тергөө иштери уланууда.