Врачтын колго тийген маянасы 5 миң сомго жетпейт. Социалдык тармактарда дарыгерлердин айлыгы кызуу талкууланууда

Социалдык тармакта дарыгерлердин айлыгы кызуу талкууну жаратууда. Бул талкууга жем таштагандардын бири Эльзар Токтоназаров "менин 2018-жылдын март айындагы маянам" деген билдирүүсү болду.

Анда Улуттук госпиталдын ангиохирургу Эльзар Токтоназаров 1 айда 4349 сом алган эсеп кагазын өзүнүн жеке баракчасына жарыялап, "Дарыгерлердин айлыгы" деп жазган. Мындан улам интернет колдонуучулар: "Бул акча менен кантип жашайсыңар?" деген суроону кабыргасынан койсо, айрым медицина кызматкерлери "маршруттук таксилердин айдоочуларынан эмнебиз кем, биз деле ишти таштап салалы" деп өз ойлорун калтырууда.

Ал эми айрым колдонуучулар "Мугалим менен дарыгерлерди карапайым калк багат" деп дарыгерлерди соороткон билдирүүсүн жазышкан.

Дарыгерлер 5 миң сом маяна алышабы?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
gute
2018-04-02 12:38:16
Берген айлыгы 5 000 сом кайра 1 000сомун кармап калышса. Кыргызстан 50-60 жылдан кийин эле аран онолбосок. Азыркы жакынкы жылдарда онукпойбуз
+13
Second
2018-04-02 12:42:06
Туура которуш керек менин мамам да мед кызматкери 15жылдан бери иштеп айлыгы 7000 анын чындап келсе жетпейт биз кайра россиядан иним экообуз кезектешип акча салмай
+9
Dalil
2018-04-02 12:53:14
120 депутат жана министрлерибиз 25000-50000ге чейин айлык алып жатып уялышпайбы, 4000-5000 айлык акы алып жаткан мугалим менен дарыгерлерден? Эмнеге алардын айлыгын көтөргөнү бюджетте акча жок, бирок өздөрүнө бар? Ансыз да бүт жеке бизнеси бар, өзүнө ток жарандарыбыз бийлик башында отурат. Ошолор элди ойлосо биринчи өздөрүнүн айлыгын азайтмак.
+8
Mers124
2018-04-02 12:54:31
Нарында врачтардын айлыгы 30- 40 мин сом го. Бир врачтан сурасам 45 мин деген. Бул врач 81 саат иштеген турбайбы. Бир айда 200 саат иштеш керек да. Ошентсе деле аз экен.
-4
nargiz-sa
2018-04-02 13:08:42
Mers124,Нарында тоолуу аймак болгон учун маянасы жогору. Шаардагыларга кыйын.
0
Pamirlan
2018-04-02 13:03:17
Мектепте пол жуугандардын айлыгы 5мин сом эмнеге жетмек эле. Врачтар фирманын кымбат дарыларын сатышат
-3
altyn7776
2018-04-02 13:08:10
ушул маянага президент же премьер жашап коргулочу...жеп жутаттар силер дагы... бир айга жетпей асынып олуп алсанар керек.. Бул эмне деген шумдук? Россияда кочо шыпыргандар 20 мин рубль алышат айына. Анан кара чокунарга толук кандуу профессионал кызматкерлер калабы....
+5
iskend
2018-04-02 13:22:58
Орточо айлык 14000 сом деген министрдан сурап коруу керек.
+6
seni.gana
2018-04-02 13:41:07
Менин келинчегим да ишке кирген дипломум жарабай калат иштебесем деп айлыгы орточо 5000 иши аябай оор ар бир уйго барып запис кылат кечке бир нерселеди жазат кееде бош болсом мен машинем менен барып уйлорду кыдырып жазып келебиз кыскасы кылган жумушуна берген акысы ото еле аздык кылат.жок дегенде ен аз айлык он мин кылса медиктердикин азыр маршурт да кымбаттап 15сом болсо аябай еле кыйын болот го
+6
jasgul
2018-04-02 13:42:37
Апей, кечээ эле бир таанышым коптогон доллар менен ооруканага жумушка орношконун айткан болчу. Кайсы айлыгына доллар менен ишке орношот ыя...Берген долларын бекер 2 жыл иштеп аран чыгарса, курсагын эмне бейтаптардын тамагынан тойгузабы анда.
+2
dosym
2018-04-02 13:51:56
Мугалимдерде кайдагы левый, директордо эле болбосо, мен 4600 айлык алам,
+6
aiman1983
2018-04-05 17:27:32
dosym, мен быйыл уйумо жакын , жарым кун иштеп балдарымды карайм деп мектепке кирип алгам, айлыгым 7мин сом. Эми 4кун кечке журом, майда чуйдо кагаз иштерине айлыгымдын 1/8ин коротом. Тоска, отчет, тест, тунку саат 12ге чейин план конспект жазуу, көргөзмө курал даярдоо менен алекмин. Мага ошентип аз акчага мугалим болуп заарылбы? Болгону окуучунун келечеги учун тырышбасам, директор эч колдобойт, эшектей иштеткени иштеткен. Элимдин мигрант болуп кетип жатканын эми туура тушунуп жатам?
0
JaneEr
2018-04-02 20:22:47
Консультация 200-500,больницага койкага жатуу учун 2000-3000 левый врачтын чонтогуно тушуш керек.Обеддери на счет пациенттердин эсебинен кобунчо бесплатно. Так что мугалимдерге салыштырмалуу аябай жакшы.Мугалимдер нерв кетирип кичине айлыктан башка эч нерсе жок.
+5
jbolotov
2018-04-03 07:56:55
Айлык аз бирок махинация коп, кааласан каалабасанда акча бересин, муну баары эле билет, бирок Кыргызстанда медицина бекер деп бийлик сыймыктанат. Врачтар Цыгандай эле болуп калышыптыр, акча умут этип эле турушат.
+1
zzari-83
2018-04-03 08:33:51
Чындыгында эң аз айлыка мугалим мн врачтар иштешет экен.Аз айлыктын, жетишпестиктин айынан анан "левый"иштер көбөюп жатат да,мындай айлыка үй бүлөөнү багууну элестетип болбойт.Мугалимдин айлыгы 18ставка мн иштесең 6миңге жетпейт экен,анан ал акча бир айга кантип жетмек эле.Ошондуктан бизде миграция күч алууда...
+3
madina.87
2018-04-03 15:05:49
Мен Кыргызстанда айлыгым 4300с болчу.1,5ставка менен иштегенимде 6000-6200с алчумун.
Жолгире менен обедтен ашпайт.
Кийимди биякка эле коёюн.
Айла жок,быйыл менда мигрант болдум.
Уч баламды алып келип,Рфга бир сом толобой мектеп,садикке жайгаштырдым.
Озумдун айлыгым Кыргызстанда алты айда алган айлыкты бир айда алам.Аллага шугур,бирок окундургону мекенди таштап жургонубуз...
Чондор курсагы ток отуруп алып,ар нерсени доорушот.
+1
airada
2018-04-03 22:06:14
Врачтардын айлыгы аз болгону менен шабашкасы коп. Обрезанияга жок дегенде кунуно 2ден бала келет ага 500 сомдон алышат. Мен баламды алып барганымда 15ке жакын адам очередде турганбыз. Ар биринен 500 сомдон алганда тузук эле акча болот
0
Pandora
2018-04-03 22:34:16
airada,ошол айлык аз учун бейтаптардын чонтогуно унулушот да,энер жетиштуу болгондо аларда бироодон сурагысы келбейт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан