Ноокатта кыз-жигитти сабаган айылдын тургундарынын колунан дагы бир кызга жолугууга келген адам каза болгон. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 30-мартка караган түнү саат 02:30дар чамасында болгон. Анда 32 жаштагы адам Гүлстан айылында жашаган кызга жолугууга келген. Аны кыздын айылдаштары көрүп сабап салган. Ал оор жаракатынан улам 5-апрелде каза болгон.
"Кылмышка шектүү катары 19 жана 21 жаштагы 2 адам 31-мартта кармалган. Алгач шектүүлөргө бейбаштык беренеси менен айып тагылган. Сабалган 32 жаштагы жаран каза болуп калгандыктан шектүүлөргө карата кылмыш иши кайра каралып жатат", - дейт басма сөз катчы.
Ал эми өздүк булактардын берген маалыматына ылайык, маркумдун 3 баласы бар.
Айта кетсек, буга чейин да ушул эле айылда "Кыз-жигитти 50дөй адам ур-токмокко алды" деп окурман "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу билдирген.