Өзбек чек арачылары чыгарган октон Кыргыз жараны ооруканада көз жумду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өзбек чек арачылары Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Курулуш айылынын тургунуна ок чыгарган.
"Алган жаракатынан улам Ф.М. аттуу жаран Кербен шаарынын ооруканасында көз жумду. Бул ишке байланыштуу иликтөө иштери башталды. Азыркы тапта окуя болгон жерде чек ара кызматынын офицерлери жана укук коргоо органдары иштеп жатышат. Ошондой эле Кыргыз жана Өзбек чек арачылары жолугуп окуянын кандай болгондугун такташууда", - деп маалыматта жазылат.
Белгилүү болгондой, 34 жаштагы Ф.М. аттуу жаран окуя болгон учурда Кыргыз өлкөсүнүн аймагында болуп Мамай айылына бара жаткан.