Индиянын Орисса штатында полиция ымыркайды уурдап кеткен маймылды издеп жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.
Буга чейин маалымдалгандай, аталган штаттагы үй-бүлөнүн ымыркайын маймыл уурдап кеткен. Анын баланы алып бара жатканын көргөн эне токтотуу аракетин көрүп, бирок артынан жетпей калган. Баланы издөө иштери жүргүзүлүп, анын жансыз денеси кудуктан табылган.
"Буга чейин Индиянын чыгышында маймылдар адамдардын мүлкүнө, буюмуна бир нече жолу зыян келтирген учурлар болгон. Биз бала уурдаган маймылды бир жуманын ичинде табабыз", - деген полиция.
Дарыгерлер баланын денесин текшерип чыгышып, ага эч кандай оор залака келтирилбегендигин айтышкан. Алар маймыл ымыркайды кудукка капысынан түшүрүп жиберген, бала тумчугуп өлгөн деп божомолдоп жатышканы жазылат маалыматта.