Кыргызгидромет: "11-12-апрелде өлкө аймагында үшүк жүрөт"

11-12-апрелде өлкөдө абанын температурасы төмөндөп, айрым аймактарда үшүк жүрөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарланды.

Маалыматта айтылгандай, 11-12-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде абанын температурасы -2°Сга төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү алманын эрте бышуучу сортторунун ачылган бүчүрлөрүнө, өрүк жана алчанын ачылган гүлдөрүнө коркунучтуу.

"8-апрелден 11-апрелге чейин аба ырайы жаан-чачындуу болот, өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашууда, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунда, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу жаралат. Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. 8-10-апрелде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлөт, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн", - деп жазылат Кыргызгидрометтин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kechirmeni
2018-04-09 10:42:16
Эми бучурлор моюн бербесе керек чоноюп калышты
+1
futboler
2018-04-09 10:45:50
Кудайым сактасын
+2
satiev87
2018-04-09 11:08:02
бизде картошкалардын 70 пайызы жерден онуп чыгып калган болчу ушук урат экенда эми
+1
Bakyi
2018-04-09 11:09:22
Аллах сактасын Айдаркенде эми өрүк гүлдөдү эле.....
+2
Rasul94
2018-04-09 11:53:25
Жалал Абадда алмалар гулдоп атат. орук болсо болбой калды
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан