Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы өкмөттүн отчётун угууда.
15:00. Премьер-министр Сапар Исаков өкмөттүн бир жыл ичиндеги жетишкендиктерин депутаттарга айтып жатат. Ал отчёт менен тааныштыруу үчүн жарым саат сурады.
15:15. "2017-жылы экономиканын бардык тармагында макроэкономикалык өсүштөр байкалып, 135 миллиард сом көлөмүндө киреше алынды. Экономикалык өсүү жагынан Кыргыз мамлекети ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен Армениядан кийинки орунда турат", - деп баштады Исаков.
"Макроэкономикалык өсүү 4,6 пайызды түздү. Орусия, Казакстан жана Беларусь бул көрсөткүч боюнча бизден кийин турат. Ошол эле учурда өлкө жарандарынын жашоо деңгээли жакшырды. Жакырчылыктын көрсөткүчү 4 пайызга төмөндөп, айлык маянанын, пенсиянын көлөмү жогорулады", - деди Исаков.
15:35. Сапар Исаков депутаттарды отчёту менен тааныштырып бүтүп, суроо-жоопко өттү.
15:40. Депутат Кожобек Рыспаев: "Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылында "Джи Эл Макмал Девелопинг" алтын ылгоочу комбинатын өрттөп кетишиптир. Мындай кыла турган болсок, инвестор бизге келбейт", - деп нааразычылыгын билдирди.
Сапар Исаков: "Алтын ылгоочу комбинат иштей элек болчу. Элдин ал жерди жөн гана келип өрттөп салганы кандай? Алардын арасында бандиттер жана башкалар бар экен. Бул жагдайды териштиребиз. Бирок ушул абалга алып келгени үчүн бүгүн акимди жумуштан алам. Окуя, албетте, териштирилет. Ошол эле учурда элди чагымчылдыкка алдырбоого чакырам", - деди Исаков.
16:00. Депутат Дастан Бекешев кесиптештеринен суроолорду азайтууну өтүндү. "Суроолорду азайтпайлыбы, отчётту колдоп берели. Жалпы жыйында да суроолор берилет", - деди Бекешев. Депутаттар бул сунушка эч кандай жооп кылышкан жок.
16:10. Фракция лидери Иса Өмүркулов: "Азыр ата-энеси жок балдар көчөдө кароосуз калып жатат. Советтер Союзу учурунда өзгөчө кароого алынчу. Аларга жөлөк пул берилип, баш калкалай турган атайын жайларда камкордукка алынчу. Азыр андай болбой жатат. Депутаттар бул багытта көйгөйлүү маселелерди көтөрүп жатышат".
16:20. Депутат Мурадил Мадеминов эмне үчүн Кыргыз жарандары Индияга көп кетип жатканын сурады. Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев төмөнкүдөй жообун берди. "Биздин өлкөдө боор, бөйрөк алмаштыруу боюнча медицина тармагынын мүмкүнчүлүгү жок. Ошонун себебинен биздин жарандар Индия, Түркия, Беларуска барып дарыланып келет", - деди министр.
16:46. Депутат Мурадил Мадеминов фракциялаштарын өкмөттү колдоого чакырды. "Азыр парламенттеги оппозициялык фракциялар өкмөттүн ишин сындап жатат. Эмне үчүн башкаруучу КСДП жакшы жактарын айтпай жатат. Биз бул өкмөттү колдоп алышыбыз керек. Өкмөт ушул темп менен кетсе, жылды жакшы жетишкендиктер менен жыйынтыктайт. Бакиевдин убагында бюджет 250 миллион доллар болсо, азыр 2,5 миллиард долларга жетти. 6 жыл аралыгында канчалаган объектилер салынды", - деди Мадеминов.
Мындан тышкары, ал бажы тармагынан түшкөн салык менен ички салыктын ири көлөмдө айырмаланып жатканына кызыкты. "Ички салыктан 80 миллиард сом жыйналса, бажы салыгынан 30 миллиард сом жыйналат экен. Муну кандай түшүнсө болот?" - деди Мадеминов.
Өкмөт өкүлдөрү муну Кыргыз өлкөсү ЕАЭБге киргенден кийин бажы салыктарынын азайтылышы менен түшүндүрдү.
16:55. Депутат Нодирбек Коримов: "Өзгөн районундагы Сыр-Дарыя, Жазы дарыяларында суу көбөйүп, жүздөгөн гектар айдоо жерлери суу астында калууда. Чара көрүлбөсө, сандык көрсөткүч мындан да өсүп, дыйкандарга зыян алып келиши мүмкүн", - деп билдирди.
Бул боюнча өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жооп берип, суу айдоо жерлерин басып жатканын, адамдарга коркунуч жок экенин кошумчалады.
17:05. Депутат Альфия Самигуллина өлкөдөгү төрөт үйлөрүнүн абалына токтолуп, Бишкектеги төрөт үйлөрүндөгү жылытуу системи эскиргенин жана талаптарга жооп бербей тургандыгын айтты. Ошондой эле Таш-Көмүр шаарындагы ооруканада айлык акынын аздыгынан дарыгерлер иштебей калганын, жергиликтүү жарандардын кооптонбой жашашына шарт түзүү үчүн айлык акыны көбөйтүп, дарыгерлерди тартуу керектигин айтты.
17:18. Депутат Айнура Осмонова өкмөткө кайрылып, Жалал-Абад шаарындагы аэропортту башка жакка жылдырууну сунуш кылды. Депутаттын пикиринде, аэропорт эл жыш жайгашкан жерге жакын болгондуктан ар дайым тургундардын жашоосу кооптуу. "Аэропортту жылдыруу керек. Шаарга жакын жайгашканы аз келгенсип, анын айланасында үйлөр салынган. Азыр кошумча акча таап, планга киргизүүнү сунуштайм", - деди Осмонова.
Өкмөт башчы Сапар Исаков каражат тартыштыгынан улам өкмөттүн аэропортту жылдыруу боюнча планы жоктугун айтты. Ошол эле учурда депутаттын сунушун карап көрүүгө убада кылды.
17:22. Фракция лидери Иса Өмүркулов айлык акы, пенсия, майыптардын жөлөк пулу боюнча маселени көтөрдү. "Андай адамдар саналуу эле, кантип акча таба албайбыз. Өлкөдө 1-топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала 3 миң сом, 2-топтогусу 2 миң 500 сом алат. Бул албетте, аз. Эмне үчүн ушуларга акча таба албайсыңар. Андан сырткары пенсиянын, жөлөк пулдун көлөмүн көтөрүү керек", - деди Өмүркулов.
17:28. Депутат Максат Эгембердиев 100 машыктыруучу айлык ала албай иштеп жатканын айтты. "Өлкөдө 1 миң 700дөй машыктыруучу болсо, 100ү айлык албай иштеп жатат", - деди ал. Анын айтканын башка депутаттар да ырастады. Өкмөт башчы Сапар Исаков: "Чынында, бул боюнча кабарым жок экен. Бул маселени карап, чечебиз", - деп жооп кылды.
17:35. КСДП фракциясы өкмөттүн отчётуна "канааттандырарлык" деген баа берди.