Дастан Бекешев: "Сотторго басым болуп жаткан арыз боюнча эч ким жооп берген жок"

Бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев сотторго болгон басым тууралуу маселе көтөрдү.

"Мурдагы сот Максуда Оморова сотторго басым болуп жатканы боюнча билдирүү жасады. Буга эч кимден так жооп болгон эмес. Ушундай арыздарды жөн калтырбай изилдөө жүргүзүш керек. Ал арыздын ичинде Башкы прокуратурага жана УКМКга карата көп сөздөр бар. Президенттин аппараты да тийиштүү болуп жатат. Бул маселени президент өз көзөмөлүнө алуусу зарыл. Бүгүн сотторго басым болуп жатса, эртең кайда барабыз? Соттор өзүн коргой албаса, биз аларга кантип кайрылабыз?" - деди Бекешев.

Айта кетсек, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Гүлчехра Оморова президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык 3-апрелде кызматынан бошотулган.

Гүлчехра Оморованын апасы Максуда Оморова анын кызматынан бошотулушу боюнча өз пикирин социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыккан. Ал жазган билдирүүсүндө кызы буйруктарды аткарбай койгондугу үчүн "жумуштан өз каалооң менен арыз жазып кет" деген бир канча ирет басым болгонун белгилеген. Ошондой эле өзү да 20 жыл сот тармагында иштеп, чыгарган чечимине карата бийликтегилер көзөмөл салганы менен, бирок чечим мыйзамдын негизинде гана болгондуктан, азыркыдай абал жаралбаганын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан