"Ош базары" бирөөлөр тарабынан өрттөлгөн болушу мүмкүн. Бул тууралуу окуя болуп жаткан жерден өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов билдирди.
"Ош базарында" 3-жолу өрт чыгып жатат, буга чейинки өрттөрдүн бири өрт коопсуздугун сактабагандыктан электр зымдарынан чыккан болсо, экинчи жолкусунда экспертиза атайын өрттөлгөндүгүн аныктады. Ал эми "Берекет" базары да бирөөлөр тарабынан өрттөлгөн болушу мүмкүн деген божомолдор бар", - дейт Ахматов.
Базарда эмнеден улам өрт чыккандыгы тууралуу так маалыматты атайын экспертизанын жыйынтыгы чыккандан киийн гана айтууга боло тургандыгын Ахматов кошумчалады.
Эскерте кетсек, бүгүн түнкү саат 3:00дөр чамасында "Ош базарынын" аймагында жайгашкан "Берекет" базарында өрт чыккан.