Фарид Ниязов КСДПнын төрагасынын орун басарлыгынан кетет. Бул тууралуу партиянын саясий кеңешинин жыйынында белгилүү болгонун SUPER.KG'ге депутат Рыскелди Момбеков кабарлады.
Анын айтымында, Ниязов партиядагы ишмердүүлүгүн токтотуп, "Апрель" аталышындагы кайрымдуулук фондду жетектейт.
"Партия төрагасы Алмазбек Атамбаев бүгүнкү жыйын аябай пайдалуу болгонун, мындан ары бат-баттан жолугушуп турууну айтты. Андан сырткары, орун басары Фарид Ниязов партиядагы ишмердүүлүгүн токтотуп, жаңыдан түзүлгөн "Апрель" деген кайрымдуулук фондду жетектөөгө кетет экен. Анткени, жыйын учурунда мен мурдагы президент менен азыркы президенттин ортосундагы араздашуу Фарид Ниязовдун айынан болгонун, ошондой эле ал президенттик аппаратты жетектеп турган учурунда фракция менен болгон байланышта кемчиликтер кетиргенин айттым. Кийинки жолугушууда анын ордуна башка адамды шайлоо боюнча маселе каралат", - деди Момбеков.
Белгилей кетсек, бүгүн, 16-апрелде Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттары менен "Ала-Арча" резиденциясында жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу бир жарым саатка созулуп, анда Атамбаев партиянын төрагасы катары өз программасы менен тааныштырып, өлкөдө болуп жаткан саясий кырдаал боюнча пикирин билдирди.
Маалымат үчүн: 2017-жылы Чыныбай Турсунбеков КСДПнын саясий кеңешинин төрагасынын биринчи орун басарлыгынан кеткенде Ниязов анын ордун ээлеген. Андан соң Ниязов президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектеп, кийин анын кеңешчиси болуп, президенттик аппарат башчылыгына дайындалган. Быйыл 7-мартта Ниязов президенттик аппарат башчысы кызматынан бошотулган.