200 миң доллар пара алууга шектелип кармалган прокурорго инсульт деген диагноз коюлуп, учурда дарыланууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Улан Чалбаев кармалган учурда кан басымы түшүп кеткен. Ага "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери инсульт деген диагноз коюп алып кетишкен. Кийин прокурор борбор калаадагы №1-шаардык оорукананын неврология бөлүмүнө жаткырылган.
"Тез жардам" унаасы Улан Чалбаевди инсульт деген диагноз менен алып кетишкен. Учурда ал борбор калаадагы №1-оорукананын неврология бөлүмүндө дарыланып жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Эске салсак, 16-апрелде Башкы прокуратуранын прокурорлордун соттордогу ыйгарым укуктарын камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Улан Чалбаев 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМКдан кабарлашкан.