Сооронбай Жээнбеков парламенттик көпчүлүк коалициясына кирген фракциялардын лидерлери менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициясына кирген фракциялардын лидерлери – КСДП фракциясынан Иса Өмүркулов, “Кыргызстан” фракциясынан Алмазбек Баатырбеков жана “Бир Бол” фракциясынан Алтынбек Сулайманов менен жолугушту.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, президенттин аппаратынын жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиев катышты.

Көпчүлүк коалициясынын лидери Иса Өмүркулов Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйынында парламенттин үчтөн бири түзгөн үч фракциянын депутаттарынын өкмөткө ишеним көрсөтпөө сунушун колдогонун билдирди.

“Парламент мындай чечимди өлкөнүн кызыкчылыгында кабыл алды. Көпчүлүк коалициясы ошол эле курамда калат”, - деп белгиледи Иса Өмүркулов.

Ошону менен бирге ал коалициянын курамына “Республика-Ата Журт” фракциясынын кириши күтүлүп жатканын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттеги көпчүлүк коалициясынын туруктуу иштеши мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүн камсыз кыларын белгилеп, парламентке бийликтин аткаруу бутагы менен жемиштүү иштешин каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан