Баткен районундагы Сай айылында түшкөн жер көчкүнүн көлөмү 45 миң кубду түзөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кум менен ылай аралашкан көчкү суу аккан каналга толуп калган. Ал каналдан 350 үйдүн жашоочулары суу алып ичип, талаадагы сугат иштерине иштетишчү. Мындан сырткары мобилдик компаниялардын биринин антеннасы да жабыр тарткан. Жол жабылып, учурда Жарандык коргоо комиссиясы иштеп жатат.
Буга чейин аталган айылдын тургуну көчкүдөн улам каналдагы суунун деңгээли көтөрүлүп, мал-жандыктар ылайга батып калганын кабарлаган.