Бир жыл мурун: Жаш журналист кыз депутат тарабынан коркутуу болгонун жарыялаган. Бул окуянын аягы эмне менен бүттү?

Мындан бир жыл мурун, 27-апрелде журналист Үпөл Анаркулова өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына Жогорку Кеңештин депутаты тарабынан өзүнө карата коркутуулар болуп жатканын жазган. Алгач журналист кыз депутаттын атын атаган эмес. Ал эл өкүлүнүн "эртең барып бетиңди көргүс кылып түздөп кетем, мени күт.... Териңди тескери сыйрып, он эркекке салып берем", - деп коркутканын билдирген.

ЖУРНАЛИСТТИ КАЙСЫ ДЕПУТАТ КОРКУТКАН?

Бир нече күндөн кийин бул коркутуу КСДП фракциясынын өкүлү, депутат Жылдыз Мусабекова тарабынан болгону айтылган. Мусабекова Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенге чейин журналисттик кесипти аркалап, бир катар гезиттерде иштеп келген.
Жогорудагы маалымат коомчулукка жетип, суроолор жаралганда Жылдыз Мусабекова алгач журналистке теңелбей турганын айтып, бул окуяны "кара пиар" деп атаган. "Жаза берсин, дей берсин. Эч жерде күлү додо болбогон, көрүнгөн гезитке, сайтка, ар кайсы саясатчыга, кайсы жерде жумуш чыкса ошол жерге иштеп, ушак жазган немелерге теңелбейм", - деген Мусабекова.
Депутаттын мындай жообунан соң Үпөл Анаркулова Мусабекова менен болгон телефондогу сүйлөшүүсүн жарыялаган.
Аудиожазуу коомчулукка тараган соң депутат Мусабекова журналист кызды сөкпөгөнүн айтып, бул КСДПга карата жасалып жаткан кезектеги каралоо деп белгилеген. Ал эми аудиожазууну монтаждалган деп чыккан.

ҮПӨЛ АНАРКУЛОВА ДЕПУТАТТЫН КОРКУТУУСУ БОЮНЧА ЧАРА КӨРҮҮ ҮЧҮН БИЙЛИК ӨКҮЛДӨРҮНӨ КАЙРЫЛГАН

Анаркулова депутаттын аны коркутуп, мазактаганы боюнча ошол кездеги президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына, КСДП фракциясынын лидерине, Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин төрагасына, маданият, маалымат жана туризм министрине кайрылуу жасаган. Ошондой эле журналист депутатка кылмыш ишин козгоону башкы прокурордон өтүнгөн.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов: "Мусабекованын окуясы депутат, саясатчы катары шок кылды. Бул маселе фракциянын кезектеги жыйынында талкууланат", - деген жооп узаткан.

Былтыр август айында КСДПнын саясий кеңешинин отуруму өтүп, бул маселе каралган. Саясий кеңештин мүчөлөрү бул аудиожазуулар КСДПнын аброюна көлөкө түшүргөнүн айтышкан. Ал эми Мусабекова аудиожазуу бурмаланганын айтып, сотто далилдей турганын билдирген. Жыйынтыгында депутаттын жоопкерчилиги соттук териштирүүдөн кийин карала турган болгон.

БИР ЖЫЛДАН КИЙИН

Маселе фракцияда каралат деген фракция лидери Иса Өмүркулов олуттуу маселелер менен алек болуп жүрүп, бул иш унутта калганын айтат: "Андан бери канча революция болду. Башка президент шайланды. Мамлекет үчүн маанилүү болгон маселелер парламентте каралып жатат. Депутаттардын жеке деңгээлине, жеке сүйлөгөнүнө баа бере албайт экенбиз".

Ал эми депутат Жылдыз Мусабекова окуянын кандай жыйынтыкталганын менден эмес, журналист кыздан сурагыла деп, коомчулуктун ал окуяны унутпаганына нааразы. "Башка маселеңер жокпу? Кыргыз мамлекетинде кесипкөй журналисттердин башка маселеси жокпу", - деди депутат.

Журналист Үпөл Анаркулова турмушка чыгып, учурда чет мамлекетте жүргөнүн анын жакындары билдирген. Учурда жеке иштери менен жүргөнүн айткан журналист бошогондо комментарий бере турганын айткан. Бүгүнкү күнгө чейин жооп келе элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
jemile
2018-04-27 17:55:34
Неге 'именно' ошол депутатты каралагысы келген? Эгерде жалган болсо, 'девутат' айымга бииираз ишенчилик жогураактайго....
-28
cyrus
2018-04-27 17:56:30
Депутатмын каалаганымды кыламын деп ойлойт окшойт. Мусабекованын денгээли кандай экенин кордук
+48
nelli
2018-04-27 18:10:39
Бул баякы мугалимдер уй кийимдерге окшоп, эски кийимдерди кийишет деп ооозунчо намыстанган депутат соройбу???
+33
Dina.janym
2018-04-27 18:47:18
Депутат болсон, Мусабеква озун учун Депутатсын, эл учун эмес... Канчалык адамдык сапатка ээ экенинизди далилдеп бутконсуз, Эл эми ишенбейт, канчалык актансанар да!!!!
Ал эми карапайым элдин жашоосуна сын тагып, кемсинткенден алыс болунуз, эртен сиздин абалыныз, мышык ыйлай турган болуп калышы мумкун....
+25
Jarma
2018-04-27 18:53:51
Бийликтесинби же акчалуусунбу?Коркпой каалаганыны жасай бер.Эч ким сени жоопко тарта албайт.Мына бугунку Кыргызстан.
+15
Dalil
2018-04-27 19:41:13
Жылдыз Мусабекова Ата-Мекен, Ата-Журт же Республика партиясынан болгондо ошондо эле соттолуп кетмек. Атамбайдын көлөкөсүндө катуу-катуу үрүп жүрдү. Бир күн келип сөзүнө жооп бере турган мезгил келет ушуга окшогон мансапка көпкөндөрдүн.
+26
piramida
2018-04-28 13:07:28
Мына кыргыздын саясий интелегенциясынын деңгээли, каяктагы колхоздордун баары креслодо,оозу бок базарский катынды айдап ийбейсинерби мандатын алып туруп.тфу тукурдум баарына ушундай адамдар ел башкарса.
+4
al79mi
2018-04-28 14:14:36
Мазактап же кемсинтип, жеке адамдык сапатына шек келтиргим келбейт, бирок кулак укса курсак кайнайт дейт. Жылдыз айымдын денгеели МТУнун башчысы (максимум!) боюнча эле калыптыр. Илгери дагы жанынан бир-эки коруп муноз, денгээли томонруроок аял экенин байкагам. Киши жаманы кирип чыкканча байкалат дегендей....
+2
Nibiru.
2018-04-28 18:13:02
al79mi,ушуга окшогон денгеелдеги адамдар бийлике,кызматка келе берсе олкобуз онугооруно такыр ишенип болбойт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан