Өткүрбек Жамшитов башкы прокурор болду

Өткүрбек Жамшитов Кыргыз Республикасынын башкы прокурору болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Жогорку Кеңеш башкы прокурор кызматына Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин бир добуштан жактырган.

Жамшитов Өткүрбек Асилбекович 1975-жылы 4-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында туулган. Жогорку билимдүү, 1996-жылы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.

Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Эмгек жолу:

1997-1998-жылдары - Талас шаардык прокуратурасында прокурордун жардамчысы;

1999-2002-жылдары - Талас шаарынын прокуратурасында тергөөчү;

2002-2005-жылдары - Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун прокуратурасында тергөөчү;

2005-2006-жылдары - Ош облусуна караштуу Алай районунун прокуратурасында тергөөчү;

2006-2008-жылдары - Ош облусунун прокуратурасында тергөөчү;

2008-2011-жылдары - Баткен облусунун Кадамжай райондук прокуратурасында прокурордун орун басары;

2011-2015-жылдары - Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун прокуратурасында прокурор;

2015-2018-жылдары - Жалал-Абад облусунун прокуратурасында прокурор.

Айта кетсек, 2018-жылдын 13-апрелинде Индира Жолдубаева башкы прокурор кызматынан бошотулган. Президент 10-апрелде Жогорку Кеңешке аны кызматтан бошотуу боюнча сунуш киргизип, депутаттар президенттин сунушун 11-апрелде колдогон.

Индира Жолдубаева башкы прокурорлукка 2015-жылдын 29-январында дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан