Ошто милиция кызматкеринин жансыз денеси табылды

Ош шаарында милиция кызматкеринин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкеринин жансыз денеси 28-апрелге караган түнү саат 12лер чамасында табылган.

"Ош шаарынын Масалиев көчөсүнөн Ош ШИИБинин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү Т. З.нын жансыз денеси өзүнүн машинасында табылган. Аны кароо учурунда көкүрөгүнө тийген октон каза болгону аныкталган. Автоунаа ичинен бекитилген абалда болгон. Ошондой эле маркумдун жанынан табелдик курал табылган. Тергөөнүн алгачкы версиясы боюнча ал өмүрүнө өзү кол салган. Бирок бул багытта терең иликтөө иштери жүргүзүлөт. Т.З. ички иштер органдарында 2014-жылдан бери кызмат өтөп, аймактык тескөөчү кызматына жаңыдан гана келген", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Каза болгон Т.З. Кара-Суу районунун тургуну. Бул окуя боюнча тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
NURSAPAR
2018-04-28 18:11:16
Мамажандан экен бүгүн тою болмок экен Жаткан жери жайлуу болсун. .....
+1
Ermekbai
2018-04-28 18:14:26
А бойдок жаткан жери жайлуу болсун жакындарына сабыр берсин.
0
Marsel979797
2018-04-28 18:17:19
Кылмышкер оз жазазын алсын... Алла таалам бейиш торунон орун берсин ыйлайым оомийн !!! Менин агам болчу ал соз коп эле бирок ... Бир гана суранарым чын журогунордон алла ыраазычылыгы учун бата кылып койгула сураныч...
+19
Azatbek.Svoboda.
2018-04-28 19:01:33
Marsel979797,Теманы көңүл койуп окусаң өзүн өзү атыптыр!
-9
stepboy
2018-04-28 18:24:21
Зарыыыыыыыыл досум кандай жакшы бала элен досум ашыкча эле жакшы элен неге мындай болду досум бүгүн тоюн эле гооооооо сенин мындай ишке барганына ишенбейм досум досум чыркыратып кеттин го баарыбызды эхх аттин тоюн болот деп сүйүнүп жүргөм
+29
dasa-kgz
2018-04-28 21:10:28
stepboyЗарыл 91. Фамилиясы ким. МИТте окуган эмеспи. Зарыл деп курсташым бар эле Мамажандан. Жооп жазып койчу сураныч
+3
stepboy
2018-04-28 21:31:10
dasa-kgz,ташмаматов юрду бүткөн
0
stepboy
2018-04-28 18:24:54
Өзүн өлтүргонүнө эч ишенбейм сен мындай кыла турган бала эмес элен
+12
Azatbek.Svoboda.
2018-04-28 19:03:56
stepboy,Бир проблемасы болгондурда!
-18
Miss.erkewka95
2018-04-28 18:46:05
Жакшы инсанды тез алат дейт. Аллахым озу бейишинен жай берсин. Жаткан жери жайлуу болсун...
+9
rejepova
2018-04-28 18:46:53
Т.З жаш беле?Неге жанын кыйды экен?
+2
stepboy
2018-04-28 18:52:37
rejepova,91 болот аны эч ким билбейт неге экенин
+1
Nada
2018-04-28 19:05:16
Аллахым бейишинен орун берсин Оомин
0
ma2as
2018-04-28 19:16:49
Менделе ишенбейм , оз жанын кыйганга , бироо жарым каттуу кысым кылганго .
+5
aliya-leyla
2018-04-28 20:29:57
Ыйманы саламат болсун
+8
Zamka79
2018-04-28 23:59:54
Сабыр берсин жакындарына...
+6
aman0296
2018-04-29 11:57:58
Жаткан жери жайлуу болсун. Байкуш ата-эненсине эле кыйые. Ушунча жыл остуруп, эр жеткенде жерге берилсе.
+1
Nanei
2018-04-29 12:57:03
Ой тобоо бироо бала сын, досун,агасын жоктоп кан жутуп жатса, дооруп жазгандар да чыгат экенго,кыргызсынарбы деги озунор???
+1
Nursbaike
2018-04-29 15:52:58
Супер инфо силерге сунуш киргизейин дегем. Оз жанын кыюу жонундо шариятан маалымат алып жазып чыксанар. Гезитинер отумдуу мен билгенде миллион санда чыгат.
+3
anash
2018-04-29 18:03:01
Аллахым бейшинен орун берсин Оомин....эх Зарыш жакшы жигит элен...Зарыш озуно озу кол салбайт болчу....бул жерде бир деме бар тыккыр иликтениш керек...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан