Ош облусунун Кара-Суу районунда жүк ташуучу унаа койлору менен кошо тебелеп кеткен баланын сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бекжар айылынын башчысы Абибилла Эрменов билдирди.
Маалыматка ылайык, каза болгон баланын сөөгү өз айылында Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Бекжар айылында жерге берилген.
Ошондой эле баланын 3-класста окуганы, жол кырсыгы болгон учурда 2 эжеси, атасы жанында болгону белгилүү болду.
Андан сырткары, айыл башчы каза болгон окуучу атасы жана бир туугандары болуп 200гө жакын кой айдап бара жатканын, ал койлордун 67си дөңгөлөк алдында калып өлгөнүн айтты.
Эскерте кетсек, буга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там жолунун 41-чакырымында жүк ташуучу унаа 60тан ашуун койду жана 10 жаштагы баланы тебелеп кеткенин кабарлашкан.