Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан улам 3 адам каза болуп, бир адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 3-майда эртең менен саат 7:15 чамасында катталган.
"Бишкек-Ош унаа жолунун Таш-Көмүр шаарчасынын Чүйүт-Сай айыл аймагында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдогу бакты сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам каза болуп, бир адам ооруканага жеткирилген. Учурда Таш-Көмүр жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери окуя болгон жерде иштеп жатышат. Азырынча унаанын айдоочусунун жана каза болгон жарандардын аты-жөнү такталууда", - деп билдирет маалымат катчы.