"Тур, турагой, кыргызым" деп интернет жылдызына айланган Гүлзат Мамытбек бул ирет социалдык тармактагы баракчасы аркылуу идеалдуу күйөө табууга жардам бергиле деп кайрылган.
Анда Гүлзат айым: "Урматтуу менин баракчама катталуучулар, мага силердин жардамыңар керек. Менин кыялымдагы мырзаны жолуктурууга жардам бергиле. Эгер сен ошондой эркекти жолуктуруп калсаң, ага мен жөнүндө кабарлап кой. Ал деле мени издеп жүргөндүр. Экөөбүздүн табышып калышыбызга себепкер бол!" - деп кайрылуу жасаган.
Жолдошум болчу адамга 40 талап:
1. Позитивдүү;
2. Перспективдүү;
3. Койгон максатына умтулган;
4. Шайыр;
5. Күч-кубаттуу;
6. Дайыма жылмайып жүргөн;
7. Бийик максаттарды койгон;
8. Адамдар менен бат тил табышкан;
9. Өзүн жана башка адамдарды сүйгөн;
10. Жардамга муктаж адамдарга кол сунган;
11. Дайыма билим алууга умтулуп, өзүн өстүрүүнүн үстүндө иштеген;
12. Жаш балдарды аябай жакшы көргөн;
13. Келбеттүү;
14. Бою узун (170 сантиметр);
15. Камкор;
16. Берилип сүйгөн;
17. Жакшылыкты билген;
18. Англис жана чет тилдерде сүйлөй алган;
19. Бир нерсени тез өздөштүрүп кете алган;
20. Үй-чарбасындагы иштерди жасоого жардам берген;
21. Менин эркиндигимди чектебеген;
22. Мага суктанган;
23. Менин баштаган ишиме колдоо көрсөтүп турган;
24. Акылман;
25. Терең ой жүгүрткөн;
26. Чынчыл;
27. Маданияттуу, сылык (мега маанилүү!);
28. Тыкан;
29. Чыгармачыл;
30. Тамеки чекпеген, алкоголдук ичимдиктерди ичпеген;
31. Жароокер;
32. Кумарлуу;
33. Мээнеткеч, жакшы жыйынтык үчүн иштеген;
34. Жеңилбес;
35. Ишенимдүү жана берилген;
36. Уюштуруучулук жөндөмгө ээ;
37. Башка адамдардын позициясын жана диний ишенимин сыйлаган;
38. Менден да көп акча тапкан;
39. Жеке ою менен позициясы так болгон;
40. Миллионер болуп, миллион адамга жардам берем деген эркек болушу керек.
Ал эми Кыргыз шоу-бизнесиндеги атактуу, башы бош айымдарыбыз болочоктогу жолдошун кандай элестетет деген сурамжылоо жүргүздүк.
Фарида Карбозова, ырчы: "Келечектеги жолдошум билимдүү болушу керек"
"Мен үчүн адамдык сапаты биринчи орунда турат. Ал чынчыл, март, чечкиндүү болушу керек. Анан дагы сүйүүсү күчтүү болуш керек. Себеби сүйүү болсо көп кемчиликтерге көз жумуп коёсуң. Келечектеги жолдошум билимдүү болуусун каалайм. Анткени билими болсо бардык жерден жумуш таап, үй-бүлөнү багып кете алат", - дейт.
Асел Касымова, ырчы: "Болочоктогу жолдошум билимдүү жана келишимдүү болот"
"Мурда келечектеги жолдошум мындай болуш керек, тигиндей болуш керек дечүмүн. Азыр берилип сүйгөн мырзаны күтүп калдым. Анан дагы келечегин ойлогон, жашоого олуттуу караган болуш керек. Эгерде максаты жок болсо, ал адамды сүйүп калсам дагы аны жаныма жолотпогонго аракет кылам. Мен сезимим менен эмес, акылым менен чечим чыгарам. Буюрса, болочоктогу жолдошум билимдүү, келишимдүү болот. Алдыга койгон чоң максаттарына жетет", - дейт ырчы айым.
Назгүл Токтакунова, ырчы: "Көп сүйлөбөгөн, оор басырыктуу мырза болуш керек"
"Менин келечектеги жолдошум биринчиден, көп сүйлөбөгөн, оор басырыктуу болуш керек. Жалжаке, сылаңкороз эмес, эркектерге таандык бардык сапаттарды алып жүргөн мырзаны жолдошум катары элестетем. Ошондой эле бою менден кыска болбошу керек. Бирок келбети сулуу болуш керек деген талап жок", - дейт ал.