Талас шаарында 15 жаштагы мектеп окуучусу көз жарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Талас облустук ооруканасынын жетекчиси Нурдин Усупбеков билдирди.
Анын айтуусуна караганда, 15 жаштагы өспүрүм бүгүн, 3-майда таңкы саат 05:15 чамасында төрөтканага келип, кыз төрөгөн. Учурда жаш эненин жана кызынын абалы канааттандырарлык.
Учурда өспүрүмдүн көз жарганы боюнча облустук милиция териштирүүдө.