Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматовдун үйүнө белгисиз адамдар кирип, 21 жаштагы уулуна ок чыгарышты. Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын өкүлү Нүргүл Нусупованын SUPER.KG'ге билдиришинче, окуя 3-май күнү таңкы саат 4:20 чамасында Абдышүкүр Нарматовдун Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы үйүндө болгон.
"Белгисиз адамдар Тойота Камри үлгүсүндөгү унаасынын терезелерин талкалап, унаадан 8 миң сом акчасын жана документтерин уурдашкан. Андан кийин үйүнө кирүүгө аракет кылып жатышканда атасы менен баласы ойгонуп кеткен. 1997-жылы туулган А.И. аттуу баласы сыртта турган эки белгисиз адамды көрүп, аларды кууп жөнөгөн. Артынан жетип барып бирин кармап алган окшойт. Ал учурда экинчиси ага карата 2-3 ирет тапанчадан ок чыгарып, атылган октун бири бутунан кыйгап өтүп, жаракат келтирген. Дароо шаардагы ооруканалардын биринен медициналык жардам алып үйүнө кеткен", - деди Нусупова.
Ал эми факты боюнча Аламүдүн РИИБи тарабынан "уурулук" жана "каракчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөрдү издөө иштери уланууда.