Базар-Коргондо маршруттук таксиден чыр чыгып, жүргүнчүлөрдүн бири далысына сайылган бычактан каза болду

Базар-Коргондо маршруттук таксиден чыр чыгып, жүргүнчүлөрдүн бири далысына сайылган бычактан каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окуянын күбөсү билдирди.

Анын айтуусуна караганда, окуя 7-майда саат 9:30дар чамасында болгон.

"Эртең менен саат 9:30дар чамасында маршруттук таксинин жүргүнчүлөрү өз ара чырдаша кетип, биринин далысына бычак сайып коюшуптур. Мен барсам ал адам далысына бычак сайылып жерде жатыптыр. Жашы 24-25 жаштардагы жигит экен. Ал жерге милиция кызматкерлери келип, адамдарды суракка алып бирөөлөрдү кармап кетти", - дейт окуянын күбөсү.

Базар-Коргондогу бычакташуудан 19 жашар жигиттин өмүрү кыйылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
maks94.kb
2018-05-07 11:18:31
.......
0
ARZUU1989
2018-05-07 12:26:20
Эмне жанына бычак алып журуучулор кобойгонбу ?Ошол денгээлге жеткиче не болуптур?
+2
Lirka
2018-05-08 13:00:18
Ой тообо эмне болуп баратабыз, кандай гана заманда жашап жатабыз,мындай окуялар кинодо гана болот десе бизде чындап эле болуп жатканго, ал чет элдиктер кино эле тартат, чыныгы жашоосунда жок андай нерселер, ойгонгулачы..))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан