Базар-Коргондо автобекетте 19 жаштагы жигитке бычак сайган адам кармалды. Окуя болгон учурда шектүү мас абалында болгон. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Автобекетте 19 жаштагы жана 24 жаштагы Арстанбап айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Алар маршруттук каттамды күтүп турушуп жаңжалдаша кетишкен. 24 жаштагы адам мас абалында болгон, жаңжалдын аягында 19 жаштагы адамга бычак сайып салган. Ал алган жаракатынан улам ошол жерде каза болгон. Бычак сайган адам тергөөдө базарга соода кылганы келип, бычакты да ошол жерден сатып алып үйүнө алып бара жатканын айткан. Учурда шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга жеткирилген, иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, буга чейин окуянын күбөсү "Базар-Коргондо маршруттук таксиден чыр чыгып, жүргүнчүлөрдүн бири далысына сайылган бычактан каза болду", - деп кабарлаган эле.