Ысык-Көлгө келген чет элдик спортчулар тамак-ашка ууланды
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы "Аврора" пансионатында чет элдик спортчулар тамак-ашка ууланды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, спортчулар 7-майга караган түнү ууланышкан.
"Чолпон-Ата шаардык ооруканасына 15 адам тамак-аштан уулануу белгиси менен кайрылган. Алардын жетөө чет элдик спортчулар болсо, 8 адам пансионаттын ашпозчулары болгон. Спортчулар Бириккен Араб Эмираттары жана Ирандан келген кикбоксчулар экени маалым болду. Ал эми тамак-аштарды Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти текшерүүгө алып кетишти", - дейт маалымат катчы.
Учурда бул факты Ысык-Көл ОИИБинде катталып, тийиштүү чаралар көрүлүүдө.