Интернет аркылуу кыздар интим кызматын көрсөткөн студиянын жетекчиси Д.А. өлкөдөн чыкпоо чечими менен бошотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 8-майда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Эске салсак, Октябрь РИИБине жарандан билдирүү келип түшкөн. Анда Д.А. аттуу адам интернеттен кыздардын порнографиялык видеолорун таратуу менен каражат таап жүргөнүн жазган. Милиция кызматкерлери тарабынан аныкталган веб-студияда Бишкек шаарындагы ЖОЖдордо окуган 30 кыз кармалган. Ошондой эле 28 жаштагы Д.А. аттуу кыздарды жумуш менен камсыздаган жаран кармалган. Мындан сырткары, батирди текшерүү учурунда 16 компьютер, 150дөн ашык интимдик буюмдар табылган. Кийинчерээк милиция Д.А. өзү жашаган үйдү студия катары иштетерин, ал жерде 6 жаштагы баласы да жашаганын кабарлаган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 262-беренесинин 1-бөлүмүнүн (порнографиялык мүнөздөгү материалдарды же буюмдарды даярдоо менен байланышкан, ошого тете порнографиялык мүнөздөгү иш-чараларга катышуу үчүн аткаруучу катары аракеттерге жашы жетпегендерди тартуу) негизинде кылмыш иши козголгон.