Бүгүн, 10-майда шоу-бизнестин атактуу түгөйлөрү, ырчылар Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын заманбап үлпөт тою өтүүдө.
Жубайлар достору менен сейилдөөгө чыгып, борбордогу эс алуучу жайлардын бирине барышты. Аларды коштоп жылдыздардын жакындары жана Данияр Эрматов, Нияз Абдразаков, Эрнист Сыдыков, модель Бегимай Карыбекова, ырчы Малика Дина менен казак актёру Эркебулан Токтар баштаган бир топ чыгармачылыктагы достору менен курбу-курдаштары келишкен. Тойдо күйөө жолдоштун милдети ырчы Аваз Акимовго жүктөлгөн. Ал эми Асел Кадырбекованын курбу кызынын милдетин ырчынын көптөн бери достошуп келген курбусу Айсулуу аттуу бийкеч аткарууда.
Маалым болгондой, тойго Нурлан Насиптин досторунун баары костюм-шым, смокингдерди кийип келишсе, Кадырбекованын курбулары бир түстөгү окшош көйнөктөрдү кийишкен.
SUPER.KG порталы эки жашты куттуктап, алардын үлпөт той үчүн кийген кийимдеринин бааларына кызыгып көрдү. Нурлан Насиптин айтымында, анын кийип турган костюм-шымынын баасы 26 миң сом болсо, көйнөгү 2500 сомду түзгөн. Ал эми бут кийимине 3000, чач жасалгасына 1000 сом сарптаган. Ал эми Асел Кадырбекова үлпөт көйнөгүн атайын буюртма менен тиктирген. Анын баасы башындагы таажысы менен чогуу 275 миң сомду түзсө, бут кийимине 15 миң сом жумшалган. Ал эми чач жасалгасы менен макияжды достору белек катары бекер жасап беришкен.