Өкмөт башчы: "Электр энергиясына болгон тарифти көтөрүү боюнча сөз да болбош керек"

"Электр энергиясына болгон тарифти көтөрүү боюнча сөз да болбош керек", - деди 11-майда өкмөттү кышка даярдыгы боюнча өкмөттүн жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жыйындын жүрүшүндө Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов көмүр кымбаттап жатканын айтып, мындан улам жылуулукка болгон тарифтерди көтөрүү керектигин айтты. "Күйүүчү май, байланыш кызматтарына жана башка нерселерге болгон баа өсүп жатат, жылуулукка болгон тарифтик баа сакталып турат, бааны жогорулатышыбыз керек", - деди Рыскулов.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бул маселени көтөрүү азыр туура эмес экенин белгиледи. "Энергетика тармагын ачыктап, элдин ишеничине кирип, эл бизге ишенмейинче тарифти көтөрүү жөнүндө сөз болбош керек", - деди өкмөт башчы.

Айта кетсек, бүгүн, 11-майда өкмөттүн 2018-2019-жылдагы кышка даярдык жана аймактарды өнүктүрүү боюнча жыйыны болуп өттү. Жыйындын жалпы жүрүшү бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nemo2016
2018-05-11 18:19:37
Туура созда болбош керек акчасын эл давно толоп койгон кычкачынан баштап кочотуно чейин
+11
nurgaz
2018-05-11 19:05:19
Тескерисинче тарифти тушуруш керек, Абылгазиев эркек экенсин!
+6
munar1980
2018-05-12 06:56:44
Тарифти которбой эле ошол акчаны жеп жаткан жегичтерди таап камасанар эле болду баардык иш өз жолуна түшөт.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан